Банктар
Санарип финансылык технологиялар жана санарип төлөм жүргүзүү боюнча тегерек стол болду
Улуттук банк Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) көмөгү менен 2025-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасында санарип финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого арналган тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чарага «Кыргызстан банктарынын союзу» бирикмесинин, коммерциялык банктардын, Виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары ассоциациясынын, Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары