Экономика
Казакстанда ишкерлерге жардам берүүчү “Элдик бухгалтер” акциясы старт алууда
Казакстандын Финансы министрлиги ишкерлерге салыктык эсептерди жүргүзүүгө жардам берүүчү “Элдик бухгалтер” акциясын демилгелеп жатат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Финансы министри Мади Такиев бүгүн, 23-декабрдагы өкмөттүн жыйында билдирди. Zakon.kz маалымат булагы жарыялагандай, акциянын максаты - жеке ишкерлерге жана чакан бизнеске бухгалтердик жана салыктык отчетторду даярдоодо жана тапшырууда консультациялык жардам көрсөтүү