Банктар
Ислам принциптери менен каржылоонун көлөмү 91,5 % өстү. Шариат жолу менен каржылоо элге эмнеси менен кызыктуу?
Улуттук банктын акыркы маалыматына ылайык, Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 91,5 пайызга өсүү менен, 16,5 млрд сомду түзгөн. Анын ичинде тармактар боюнча: өнөр жайды, айыл чарбаны, сооданы, курулушту, ипотеканы жана башка керектөөлөрдү каржылоого багытталган. Адистердин айтымында, өлкөбүздө салттуу банк иши менен катар эле шарият талаптарына