ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш сакталууда.

Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттик каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен камсыз кылынууда.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 628,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 110,2 % болду (2024-жылдын январь-ноябрында – 109,7 %).

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду:

  • Өнөр жайда өндүрүш 10,2 %га өстү.
  • Тейлөө чөйрөсүндө өсүү 8,9 %га жетти.
  • Курулуш тармагында 29,0 %га көбөйдү.
  • Айыл чарбасында 2,0 % өсүш байкалууда.
Экономикадагы бул тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 35,3 %ды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 49,3 %ды түздү.

Министрликтин маалыматына караганда, туруктуу экономикалык өсүш өлкөнүн ички рыногун колдоого жана жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө