Президент мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция бар экенин белгиледи

Президент мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө коррупция бар экенин белгиледи

Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштагы депутаттар ант бергенден кийин Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде коррупциялык тобокелдиктер сакталып жатканын билдирди.

Президент министрлер кабинетинин деңгээлинде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жетишилгенин, бирок төмөнкү баскычтарда — акимиаттарда, мэрияларда жана айыл өкмөттөрүндө — бул көйгөй дале бар экенин белгиледи.

Мисал катары ал Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мурдагы мэрлерин, ошондой эле Новопавлов айыл өкмөтүндөгү абалды келтирди. Анын айтымында, ал жерде бир эле парк үч жыл катары менен отчетторго киргизилип, бюджеттик каражаттар ыйгарылып келген, бирок иш жүзүндө эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.

Президент мындай коррупциялык схемаларга тиешеси бар жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи. Ал буга чейин парламенттин мурунку чакырылышы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга мүмкүндүк берген тиешелүү мыйзамды кабыл алганын эске салды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай энергетика боюнча меморандумга кол койду

Кыргызстан менен Кытай энергетика боюнча меморандумга кол койду

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 13-августта Кытайдын "China Southern Power Grid International Co., Ltd." эл аралык энергетикалык компаниясынын президенти Чжан Хэн менен жолугушуп, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, тараптар энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана электр жарыгын топтоо

Нарын электр тармактар ишканасынын күз-кышка даярдыгы 98%ды түздү

Нарын электр тармактар ишканасынын күз-кышка даярдыгы 98%ды түздү

Нарын электр тармактар ишканасы күз-кышка 98% даяр. Бул тууралуу облустук коллегиянын жыйынында ишкананын башчысы Бакыт Жолдошбеков маалымдады. Анын айтымында, электр жабдууларын толугу менен оңдоого 23 млн 825 миң сом каралып, план ашыгы менен аткарылган. Алты ай ичинде 24 млн 232 миң сомдук жумуш жасалган. Ал эми учурдагы оңдоо иштерине

Мэрия: Бишкекте ишкерлерден мыйзамсыз акча талап кылгандарга чара көрүлөт

Мэрия: Бишкекте ишкерлерден мыйзамсыз акча талап кылгандарга чара көрүлөт

Бишкек мэриясында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жыйынга мэриянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Кеңешмеде Бишкекте эл аралык маанидеги ири иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзам талаптарын так сактоо маселеси талкууланды. Өзгөчө

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарын шаарындагы Таалай көчөсүнө жаандан улам топтолгон сууларды агызуу үчүн арык салынат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, арык салууга жергиликтүү казынадан 833 миң сом бөлүнгөн. Учурда "Жашылдандыруу" муниципалдык мекемеси тендерде жеңүүчү болгон ишкана менен келишим түздү. Мындан тышкары, өткөн жылы асфальт төшөлгөн Таалай