Реабилитациялык борборлордо балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга бюджеттен кошумча 11.7 млн сом бөлүнөт
5 реабилитациялык борбордо балдардын жана өспүрүмдөрдүн тамак-ашына каралган чыгымдардын акчалай ченемдери 100%га жогорулатылат. Тиешелүү чечим минкабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков белгилегендей, бул чечим айрым саламаттык сактоо уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана психоневрологиялык оорулары бар балдардын тамактануу сапатын жана рационун жакшыртууга багытталган.