Назира Абдиева

Япониялык компания инвестиция салуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат. «Улуу Көчмөндөр Мурасы» менен да таанышты

Япониялык компания инвестиция салуу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат. «Улуу Көчмөндөр Мурасы» менен да таанышты

4-июлда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамура менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Шигео Накамуранын айтымында, учурда Япония инвестиция салуу жана түрдүү тармактарда бизнес долбоорлорун түзүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн изилдеп жатат. Япониялык компаниянын

Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады

Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады

Бишкек шаарында биринчи кварталда калктын жан башына орточо жашоо минимум 6854 сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 16%га өскөн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында айтылды. Анда белгиленгендей, январь-март айларында номиналдуу орточо айлык акы 26 миң 496 сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин “Биринчи радиого” берген маегинде угармандардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Бакетаев түз эфирде маек куруп жатканда радио угуучулардын бири мамлекеттин каражатын үнөмдөөнү саясатчылардын жардамчыларын жана алардын чыгашаларын азайтуудан баштоо керектигин сунуштаганда, министр өзүнүн айлык маянасынын суммасын айтты. “Мен Финансы министри болом. Айлыгым

Улуттук банк накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө толук тыюу салууну демилгелеп жатат

Улуттук банк накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө толук тыюу салууну демилгелеп жатат

Улуттук банк жеке жактарга Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгып кетүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ

Орок айылынын аймагында «Бишкек сити» курулат

Орок айылынын аймагында «Бишкек сити» курулат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында шаар мэри  шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору даярдалганын жана ага кошумча борбордун деталдуу пландаштыруу долбоорун, Башкы планды жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу менен алектенген «Бишкекгенплан»

Бишкекте борбордун шаар куруу тармагын көзөмөлдөөчү «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү

Бишкекте борбордун шаар куруу тармагын көзөмөлдөөчү «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү

Бишкекте генпланды жана деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу менен алектене турган мекеме түзүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду. Пресс-конференция учурунда борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору даярдалгандыгын

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт - мэрия

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт - мэрия

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөй калат. Андыктан маршруткалардын айдоочуларына жаңы алынып келе турган автобустарга өтүү сунушталууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду. Бишкек мэри келерки аптада Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен борбор

Кытай берген гранттык каражаттын эсебинен Бишкектин 23 көчөсү оңдолду

Кытай берген гранттык каражаттын эсебинен Бишкектин 23 көчөсү оңдолду

Кытай берген гранттык акчанын эсебинен Бишкектин 23 көчөсүн ремонттоо иштери аяктады. Дагы 37 көчөдө демонтаждоо зарыл болгон объекттерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду. Жалпысынан Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылып жаткан “Бишкек шаарынын жол тармагын

Бишкектен Махачкалага жаңы аба каттамы ачылды - учуу убактысы 3 саат

Бишкектен Махачкалага жаңы аба каттамы ачылды - учуу убактысы 3 саат

Бишкектен Махачкала шаарына (Дагестан) жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун” маалымат кызматы кабарлады. Бишкек – Махачкала – Бишкек багыты боюнча жаңы аба каттамын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат. Каттам жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы – 3 саат.

Улуттук банк эмнеге банктарда накталай доллар азайып баратканына түшүндүрмө берди

Улуттук банк эмнеге банктарда накталай доллар азайып баратканына түшүндүрмө берди

Коммерциялык банктардагы накталай доллардын көлөмү 7-10%га кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди. Ал бул көрүнүштү геосаясий кырдаал менен байланыштырды. Анын айтымында, накталай эмес ири суммадагы долларлар Кыргызстанга которулуп, андан кийин ал накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылууда. «Дагы бир көйгөй – долларды жеткирүү каналдары

«Кепилдик фонд» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери 2.6 миң ишкерге кепилдик берген

«Кепилдик фонд» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери 2.6 миң ишкерге кепилдик берген

«Кепилдик фонд» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жана 2022-жылдын 4-июлуна карата күрөө менен кыйынчылыктарга дуушар болгон ишкерлерге 2655 кепилдик берген. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди. Фонддун берген маалыматына ылайык, кепилдиктердин суммасы 4 млрд сомдон ашкан, анын ичинен дээрлик 2.7 млрд сому региондордо чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө

Кыргызстандык компания Түштүк Кореяга быйыл 20 тонна бал экспорттоого келишим түздү

Кыргызстандык компания Түштүк Кореяга быйыл 20 тонна бал экспорттоого келишим түздү

23-25-июнда Import Goods Fair (Сеул, Түштүк Корея) көргөзмөсүнө ата мекендик экспортерлор катышып, алар потенциалдуу сатып алуучулар менен B2B жолугушууларды өткөрүшкөнүн Улуттук инвестициялар агенттиги билдирди. Жолугушуулардын жыйынтыгында, түштүк кореялык компания кыргыз балын импорттоого кызыкдар экенин билдирген. Тагыраак айтканда, кыргызстандык Bee Honey ЖЧКсы менен кореялык Kyrka Corp. компаниясынын ортосунда 2022-жылы 20 тонна