«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда
«Кыргызиндустрия» ААКтын алдында кийим-кече жана эмерек жасоо тармагы үчүн аксессуарларды жана көмөкчү материалдарды чыгаруу, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерин, кассалык машиналарды жана персоналдык компьютерлерди чогултуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик ишканаларды өнүгүү куралы катары кароо керек, алар экономиканын локомотиви