Эгерде курулуш компаниясына кылмыш иши козголсо, объектилеринин курулушу токтотулат
Эгерде компанияга кылмыш иши козголсо, объекттердин курулушун токтотуу боюнча прокуратурага тапшырма берилди. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Маалым болгондой, башаламан курулуш маселеси боюнча талкууга Бишкектин төрт районунан келген жарандар катышкан. «Биз башаламан курулуштар боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдүк. Комиссиянын отурумдары дагы уланат. Эгер башаламан курулуш боюнча