Назира Абдиева

30 млн доллар грантты Айыл чарба министрлиги кайда, кайсы аймактарга жумшай турганы белгилүү болду

30 млн доллар грантты Айыл чарба министрлиги кайда, кайсы аймактарга жумшай турганы белгилүү болду

Кечээ, 27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы гранттык макулдашуу үчүнчү окууда кабыл алынды. Мындай маалыматты Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов да өзүнүн Facebook баракчасында тастыктап, бул кайтарымсыз гранттык каражат кайда жумшалаарын айтты.

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн секириктеринин себебин түшүндүрдү. «Азыркы учурда биздин өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курс режими иштейт, башкача айтканда валюта курсу чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунуш менен аныкталат. Бул жагынан алганда, белгилүү бир убакыттын ичинде курсу өсүшү да, төмөндөшү да мүмкүн. Бул режим үчүн курстун күнүмдүк өзгөрүшү нормалдуу

Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 6 млрд 349 млн 525.3 миң сомдук каржы бузуулар болгонун аныктаган. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди. Анын ичинде төмөндөгү каржылык бузуулар болгон: * товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 22 млн 165.4 миң сом * эмгек акыны негизсиз

«Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК

«Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК

УКМК Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасын аныктаганын билдирди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан «Алтын-Кен» ЖЧК жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн

Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган

Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Экономика жана коммерция министрлигинин ишине натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити тууралуу отчётту карап, бекитти. «Аудиттин жүрүшүндө төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталды: 128.6 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер болгон. Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, мурунку аудиттин сунуштарына карабастан, бизнес-класстагы авиабилеттерди

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 8.7%га азайды

2021-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу 8.7% азайды жана 1.6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. 2021-жылы республиканын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүшкөн. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 9.1% кыскарды жана 1.3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 35% ишти жүргүзүүгө

«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн

«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн

«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде бюджетке 4.2 млрд сом төккөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. «Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде 4 млрд 218 млн 217 миң сом КРнын бюджетине салыктарды жана Социалдык фондго каражат чегерген. «Анын ичинен 2021-жылы компания казынаны 1 млрд

ОКӨФ томат пастасын өндүргөн ишкананы насыялайт

ОКӨФ томат пастасын өндүргөн ишкананы насыялайт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) томат пастасын өндүрүүнү кеңейтүүгө каражат бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Долбоорду «Кооппромсервис» өндүрүштүк бирикмеси» ЖЧК ишке ашырууда. «Кургак заттын курамы 30-32% болгон концентраттык томат пастасын өндүрүү ишке киргизилет. Кубаттуулугу жылына 1000 тоннаны түзөт. ОКӨФ КРнын президенти тарабынан экономиканы модернизациялоо жана чыңдоо боюнча

180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар

180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар

2022-жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн таанылган салык карызы, ошондой эле 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө

Акыркы 10 күндө күйүүчү майдын литринин баасы 1.6 сомго арзандады

Акыркы 10 күндө күйүүчү майдын литринин баасы 1.6 сомго арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуучу мамлекеттик орган нефтетрейдерлер менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзгөндөн кийин күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) баасынын төмөндөө тенденциясы башталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Бүгүнкү күндө 18-апрелге салыштырмалуу КММнын литринин баасы 1.6 сомго чейин арзандады», – деп айтылат маалыматта. Red Petroleum тармагында дизель майы 1.6 сомго,

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 5.3 млрд сом салык төлөдү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы апрель айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 5.3 млрд сом салык төлөсө, анын 2.9 млрд сому алтынды саткан кирешеден түшкөн. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат. Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 313 млн

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент садыр Жапаров Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди. Президент кечээ дагы бир Жарлыкка кол койгонун айтты. «Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение)