Садыр Жапаров: Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштайбыз
Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN эл аралык телеканалына берген маегинде билдирди. Жапаровдун айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору макулдашуу стадиясында турат. КРнын президенти бул жолду достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана туруктуу өнүгүүнүн жолу деп атап, анын курулушу жакынкы