Назира Абдиева

Ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө 1 млрд сом бөлүнөт

Ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө 1 млрд сом бөлүнөт

Бүгүн, 28-январда «Элдик» депутаттык тобу жазгы айдап-себүү иштерине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык боюнча маалымат укту. Анда Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө, айрыкча, суу куурларын жаңылоого 1 млрд сом каралып жатканын билдиргенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. Министрдин маалыматына караганда, 2021-жылы айыл чарба каналдарын оңдоп-түзөөгө, гидротехникалык

Кыргыз менен тажик тараптын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

Кыргыз менен тажик тараптын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

Бүгүн, 28-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишкен: 1. Биргелешкен комиссияга тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштурууну 2. Чыр-чатактын башталышында үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып

Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү

Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү

Бүгүн, 28-январда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага КРнын Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов, КРнын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжандын КРдагы элчиси Латиф Гандилов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин инвестициялык

Чек ара: Баткендеги кырдаалга байланыштуу кооптуу аймактан 11 миң адам эвакуацияланды

Чек ара: Баткендеги кырдаалга байланыштуу кооптуу аймактан 11 миң адам эвакуацияланды

Баткендеги кырдаалга байланыштуу, соңку маалымат боюнча аймактан болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алардын 10.4 миңи коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылган. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6000 ге жакын

Баткендин бир катар айылдарында электр жарыгы жок

Баткендин бир катар айылдарында электр жарыгы жок

Энергетика министрлиги Баткен облусундагы Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз айылдарында электр жарыгы кечээ, 28-январда чек арадагы атышуулардан улам өчүп калганын кабарлаган. Министрлик аталган айылдарда электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат алуу керектигин билдирди. «Уруксат берилсе гана кыска убакытта калыбына келтирилет, адистер өз ишин

Улуттук банк акыркы үч жылдагы эң ири интервенцияны жасады – резервден дароо 86.5 млн доллар сатты

Улуттук банк акыркы үч жылдагы эң ири интервенцияны жасады – резервден дароо 86.5 млн доллар сатты

Улуттук банк акыркы үч жылдагы эң ири интервенцияны ишке ашырды. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга эл аралык резервден дароо 86.5 млн доллар сатты. 2 млн доллар бүтүм түзүлгөн күнү сатылган, ал эми калган 84.5 млн долларды банктар кийинчерээк алышат. Ал бүтүмдөр интервенция күнүнөн башка датада түзүлгөн. Эскерте

Чек ара: Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатат

Чек ара: Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатканын Облустук администрациянын басма сөз кызматы 28-январда саат 09:46да маалымдады. Маалыматтарга таянсак, Баткен менен Согд облусунун жетекчилери 28-январда эки өлкөнүн чек арасындагы Достук айылында жолугушат. УКМКнын маалымат кызматы, 28-январдын эртең мененки саат 08:00гө карата чек арадагы абал туруктуу деп кабарлаган.

«Керемет Банктын» директорлор кеңешинде дагы жаңы дайындоолор болду

«Керемет Банктын» директорлор кеңешинде дагы жаңы дайындоолор болду

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) «Керемет Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өткөнүн кабарлады. Жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп Бакыт Жумашев жана Рысбек Жумаканов дайындалды. Жолугушуу 2022-жылдын 21-январында болуп өткөн. Эске салсак, жакында эле Улуттук банк «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешиндеги жаңы дайындоолорго макулдук берүү чечимин кабыл алган болчу. Ага

Чек ара урушунда жаракат алган 11 адамдын абалы орточо оор

Чек ара урушунда жаракат алган 11 адамдын абалы орточо оор

Бүгүн, 28-январь күнү саат 07:00дө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головная тилкелериндеги жаңжалдан 11 адам жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Баткен облустук ооруканасына ар кандай жаракаттар менен 11 адам жаткырылган жана маалыматтарга таянсак, алардын баары аскер кызматкерлери. Эскерте кетсек, кечээ, 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик

Азербайжандан келген делегация мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушат

Азербайжандан келген делегация мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушат

Бүгүн, 27-январда Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов менен Азербайжандан келген эксперттик топтун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Азербайжандын Экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров инвестиция, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен турган эксперттик топту жетектеп келди. Баясов

Энергетика министрлиги жыл аягына чейин 1000 мегаватт электр энергиясын өндүрүүнү пландоодо

Энергетика министрлиги жыл аягына чейин 1000 мегаватт электр энергиясын өндүрүүнү пландоодо

Быйыл үч чакан ГЭСтин курулушу башталат. Оптимисттик божомол менен жыл аягына чейин кошумча 1000 мегаватт киргизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кечээ, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди. Депутат Эмиль Токтошев Энергетика министрине Токтогул суу сактагычында суу аз калгандыгына байланыштуу башка электр жарыгын өндүрүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын

Бишкекте март айында Ирандын соода үйү ачылат

Бишкекте март айында Ирандын соода үйү ачылат

Кыргыз – Иран кызматташтыгынын өркүндөтүү максатында жазында Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатысынын маалымат кызматы билдирди. Палатанын берген маалыматына караганда, кечээ, 25-январда Соода-өнөр жай палатасында вице-президент Роман Касымов менен Ирандын Кыргызстандагы Элчисинин биринчи кеңешчиси Таги Ростамиян менен жолугушуусу өткөн. Анын алкагында