Назира Абдиева

Бизнести колдоо максатында ишкерлерди тейлөө борбору түзүлдү

Ишкерлик ишти колдоо жана өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ) түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. ИТБ мамлекеттик органдардын, КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана насыя-финансылык мекемелердин ишкерлик жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка формаларын ишке ашыруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн бирдиктүү аянтча болуп саналат.

Шылуундар күмөндүү сайттар аркылуу банктык транзакцияларды жүргүзүүдө – Банктар бирикмеси

Кыргызстандын банктар биримдиги банк кардарларын сак болууга чакырат. Ар кандай шылуундар өздөрүн банк кызматкери катары көрсөтүп же күмөндүү сайттар аркылуу маалымат сурап, жасалма транзакцияларды жүргүзүп жатышканы тууралуу маалыматтар болууда. Банктар биримдиги «ЭЛКАРТ» Улуттук төлөм системасы фишинг (шектүү) сайттарын колдонуу аркылуу жасалма транзакциялар болуп жаткандыгы жөнүндө билдирди. Алдамчылык кандай жол менен

Акылбек Жапаров «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушту

Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз. Контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленүүдө. Мындай оюн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга

Садыр Жапаров 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Facebook баракчасында маалымат берди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берип, өлкөнүн жалпы бюджети 281.3 млрд сом деңгээлинде бекитилгенин билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8.5 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп, 2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калганы байкалган. Ал эми жылдын

Эми коомдук жолдордо автобустар жана жүк ташуучу унаалар акы төлөп жүрүшөт

Бийлик Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталган автобустар менен жүк ташуучу унаалардан жалпы пайдалануудагы жолдордон жүргөндүгү үчүн акы алууну көздөөдө. Министрлер кабинети 2021-жылдын 24-декабрындагы токтому менен алынуучу каражаттын өлчөмү жана аны алуу тартиби жөнүндөгү жобону бекитти. 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө алынуучу акы жободо белгиленген каражаттын 30% өлчөмүндө, ал эми

Улуттук банк: КРнын банк системасы бекем, кооптонууга негиз жок

Улуттук банк КРгы банк системасы бекем жана туруктуу экенин белгилеп, банктардын кардарлары, аманатчылары жана башка кредиторлору үчүн кооптонууга эч кандай негиз жок экенин билдирет. Улуттук банк учурдагы жагдайга туруктуу байкоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып жаткандыгын, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын туруктуу жана коопсуз иштешин андан ары камсыз кылуу

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы суу чачыраткыч жабдуу сатып алды

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы жер казууда айлана-чөйрөгө чыгып жаткан чаңды азайтуу максатында Кытайдан атайын суу чачыраткыч жабдуусун сатып алды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Жабдуу атайын казуу иштери жүргүзүлүп жаткан карьерлерде колдонулмакчы. Ал сууну газ түрүндө чачыратып, чаңды жок кылат. Азыр механикалык бөлүм тарабынан атайын жүк ташуучу унаага

Жеке ишкерлер январдан тартып салык отчетторун электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө тапшырууга өтүшөт. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады. Буга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди отчет тапшыруу үчүн Salyk.kg сайтынан «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга чакырат.  Толук маалыматты 116 номерине

Ош жана Баткен облустарынын ишкерлерине 100 миң долларга чейин инвестиция берилет

Ош жана Баткен облустарынын ишкерлерине 100 миң долларга чейин инвестиция берилет. Бул бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылып Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана КРнын айыл жергесиндеги  калктын экономикалык бакубаттуулугун  жогорулатууга багытталган. Бизнес-акселераторго катышуу үчүн

2022-жылы Салык кызматы 150 млрд сом, Бажы 100 млрд сом салык жыйнашы керек

2022-жылы Салык кызматы 150 млрд сом, Бажы кызматы 100 млрд сом салык чогултушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме учурунда билдиргенин кабинеттин маалымат кызматы кабарлады. Акылбек Жапаров МСКнын алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлганын белгиледи.  «Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык мекенине кайтып келди

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык келе жатышат. Алар учурда кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекетинен өтүшүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилерин билдирген эле. Башкы консул Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган эле. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын

Бизнес маек

Канат Эшатов: Казакстандагы кырдаал КРгы күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизбейт

Казакстандагы кырдаал Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) баасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов «Биринчи радиого» билдирди. Анын айтымында, Казакстан аркылуу КРга КММ ташуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, Казакстандын өзүндө курч кырдаалдан улам суюлтулган газга, бензинге жана дизель майына бааларды 180 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө