Назира Абдиева

Казактар негизсиз текшере беришет. Бишкекте жүк ташыган айдоочулар да митингге чыгышты

Казактар негизсиз текшере беришет. Бишкекте жүк ташыган айдоочулар да митингге чыгышты

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бүгүн, 24-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин имаратынын жанында митингге чыгышты. Алар Транспорт министрлигинин жетекчиси Эркинбек Осоевдин жумуштан кетүүсүн талап кылышууда. Айдоочулар Казакстан аркылуу жүк ташууда негизсиз текшерүүлөр болуп жатканын айтып, нааразы болушууда. «Казактар биздин айдоочуларды тынымсыз токтото беришет. Алар менен келишим түзөбүз, бирок алардын бир пункту

Кара-Балтада килем фабрикасынын ордуна текстиль чыгарган ишкана ачылат. 800-1000 жумуш оруну түзүлөт

Кара-Балтада килем фабрикасынын ордуна текстиль чыгарган ишкана ачылат. 800-1000 жумуш оруну түзүлөт

Кара-Балтада иштебей турган килем фабрикасынын ордуна текстиль иштеткен ишкана ишке кирет. Долбоор 25 млн долларга бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда өткөн брифингде Инвестициялар боюнча агенттигинин министри Нурадил Баясов билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы агенттик алтыдан ашык инвестициялык долбоорду ишке ашырууну пландап жатат жана анын ичинде токтоп турган Кара-Балта килем фабрикасын кайра

Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кечээ, 23-декабрда Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз бийлиги канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жана бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасы билдиргенин 24kg маалымдады. Берилген маалыматка караганда, жолугушуу онлайн жабык видеоконференция форматында өткөн. Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери

Жаңы Салык кодексинде эмнелер өзгөрөт – Экономика министрлиги жооп берет

Жаңы Салык кодексинде эмнелер өзгөрөт – Экономика министрлиги жооп берет

Жогорку Кеңештин депутаттары 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жаңы Салык кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Коомчулукта кызуу талкууда болуп жаткан жаңы Салык кодексине ылайык, эмнелер өзгөрөрүн Экономика министрлиги түшүндүрүп берди. Ведомстводон белгилешкендей, долбоордо ишкерлер үчүн да, мамлекет үчүн да салыктык башкаруунун туруктуулугуна жана сапатына оң таасирин тийгизүүчү олуттуу

ККМ эмне үчүн керек, кимге керек – Салык кызматы түшүндүрөт

ККМ эмне үчүн керек, кимге керек – Салык кызматы түшүндүрөт

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналар (ККМ) эмнеге керек экендигин түшүндүрөт. Салык кызматы, 2021-жылдын 1-июлунан тартып КРнын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүүдө. Ушул күндөн тартып фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок ККМдин эски үлгүлөрү колдонулбайт деп билдирет. Бүгүнкү күндө өлкөдө субъекттер тарабынан 29 миң 87 ККМ колдонулууда.

Республикадагы көмүскө экономиканын көлөмү 24% түзөт, ал эми эл аралык уюмдар 40% дешет

Республикадагы көмүскө экономиканын көлөмү 24% түзөт, ал эми эл аралык уюмдар 40% дешет

Республикадагы көмүскө экономиканын көлөмү 24%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Салык кызматынын төрагасынан орун басары Бекболот Алиев «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүп жаткан пресс-конференцияда билдирди. Бирок анын айтымында, башка эл аралык уюмдардын талдоосунда ал 40%га чейин жетет. Эгерде өлкөдө ИДП 700 млрд сомдун тегерегинде болсо, 40%ы 300 млрд

23-декабрга карата Салык кызматы 104 млрд сом жыйнады. 2022-жылга божомол 150 млрд сом

23-декабрга карата Салык кызматы 104 млрд сом жыйнады. 2022-жылга божомол 150 млрд сом

23-декабрга карата Салык кызматы 104 млрд сом жыйнады. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Салык кызматынын төрагасынан орун басары Бекболот Алиев «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүп жаткан пресс-конференцияда билдирди Анын айтымында, 2019-жылы СК чогулткан жалпы кирешелердин көлөмү 84 млрд сомду түзгөн. «2021-жылы 97 млрд сом чогултуу божомолдонгон болсо, 23-декабрга карата биз 104 млрд

Министрлер кабинети айыл чарбасында кластерлерди өнүктүрүү саясатынын концепциясын иштеп чыкты

Министрлер кабинети айыл чарбасында кластерлерди өнүктүрүү саясатынын концепциясын иштеп чыкты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады. Жыйындын жүрүшүндө кластердик системаны өнүктүрүү, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн вегетация мезгилинде үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар жана сугат суусу менен камсыздоо маселелери талкууланды. Азиз Аалиев белгилегендей, агроөнөржай

Аз камсыз болгондор үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга арзандайт

Аз камсыз болгондор үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга арзандайт

16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясынын тарифи арзандатылып берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «КРнын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр

«Кыргыз темир жолу» жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын алды

«Кыргыз темир жолу» жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын алды

«Кыргыз темир жолу» ишканасы «Алтайвагон» ААКдан сатып алган жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын алды. Калган вагондор 2022-жылдын биринчи кварталында келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев «Бишкек-1» темир жол станциясында өлкөгө 10 вагондун алынып келишине байланыштуу өткөн иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргыз темир

УКМК Кара-Кечедеги абалга комментарий берди

УКМК Кара-Кечедеги абалга комментарий берди

Эскерте кетсек, социалдык түйүндөрдө Кара-Кече көмүр кенинде көмүр ташуучулар менен «Альфа» атайын күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, кээ бир айдоочулар жаракат алганы тууралуу маалымат тараган болчу. Буга байланыштуу УКМК Кара-Кечедеги абалга комментарий берди. УКМКнын берген маалыматына ылайык, «Кара-Кече» көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин

Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси болуп дайындалды

Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кушчубеков Талантбек Чоюбекович КРнын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Эскерте кетсек, чыгыш таануучу-арабист Талантбек Кушчубеков мурда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангына ээ. Мындаш