Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт
Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фондду түзүү жана ага 1 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык жыйынында билдирди. Мындан тышкары, туристтик жерлерге баруучу жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери да