Назира Абдиева

Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн

Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн

Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы 2022-жылдын апрелине чейин «өлүк көлөмүнө» тагыраак айтканда, 5.5 млрд кубометрге жакындап калышы мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өткөн жыйында билдирди. Ал белгилегендей, 6-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд кубометрди түзөт, бул өткөн жылдын

2020-жылы КТРК жарнамадан дээрлик 4 млн сом киреше тапкан

2020-жылы КТРК жарнамадан дээрлик 4 млн сом киреше тапкан

2020-жылы КТРК эфир убактысы учурунда жарнамаларды жана жүгүрмө саптарды берүү  менен 2 млн 900 миң сом, ал эми контентти жайгаштыруудан 723 миң сом киреше тапкан. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда ЖКнын жыйынында телеканалдын директору Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, кызматкерлер алты телеканалда, үч радиостанцияда жана корпорациянын сайтында иштешет. Телеканал жыл сайын

Уставдык капиталы 16 млн долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Уставдык капиталы 16 млн долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мыйзамдын максаты – КР менен Венгрия Өкмөттөрүнүн ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги

Жаңы стакандагы 50 сомдук «Шоро» талкууга түштү – кымбатчылык

Жаңы стакандагы 50 сомдук «Шоро» талкууга түштү – кымбатчылык

Фейсбуктагы «Кыргыз азыктарын ал» («Покупай Кыргызское! Производство основа развития!») деген тайпадагы «Шоро» компаниясынын түтүгү жана капкагы менен чыккан стакандагы 50 сомдук ичимдиги талкууга түштү. Кээ бир жарандар бир стакан ичимдиктин баасын бензиндин баасына теңеп, кымбаттыгына нааразы болушса, кээ бирлери стакандын пластик эместигине көңүл бурушту.   * *

Чакан жана орто ишканаларга 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз финансылык жардам берилет

Чакан жана орто ишканаларга 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз финансылык жардам берилет

Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен Экономика жана финансы министрлиги (ЭФМ) жеке жана финансылык секторго чукул колдоо көрсөтүү долбоорун баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2021-жылдын 8-сентябрында, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана министрликке караштуу борбордук казыналыктын директору Заир Чокоев менен болгон жолугушууда

Кыргызстан Европа Биримдигинен КРнын эмдөө сертификаттарын таанууну суранды

Кыргызстан Европа Биримдигинен КРнын эмдөө сертификаттарын таанууну суранды

Кыргызстан Европа Биримдигинен ЕБ өлкөлөрүнө кирүүнү жеңилдетүү үчүн кыргыз жарандарынын эмдөө сертификаттарын таануусун суранды. Кечээ, 7-сентябрда, Европа тышкы байланыш кызматынын жана Европа комиссиясынын эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы дирекциясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бул маселени көтөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, тараптар

Пакистандыктардан «Манас» аэропорту 540 миң доллар пайда көрдү

Пакистандыктардан «Манас» аэропорту 540 миң доллар пайда көрдү

Пакистандан келген жүргүнчүлөрдөн «Манас» эл аралык аэропортуна 540 миң доллар пайда түштү. Бул тууралуу аэропорттун башкы директору Бакыт Шаршеев Азаттыкка билдирди. «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанга Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот деген үч шаарынан 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген.

Түркия КРга акысыз 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет

Түркия КРга акысыз 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет

Түркия Кыргызстанга COVID-19 илдетине каршы 150 миң доза Sinovac вакцинасын берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын КРгы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Элчи Түркия гранттык негизде Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза

10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт – каалоочулар катышса болот

10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт – каалоочулар катышса болот

10-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Ага экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын түрк фирмалары катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган форум Sheraton Bishkek отелинде өтөт. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда. Бизнес форумдун алкагында ата мекендик компаниялар түркиялык потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү

«Яндекс Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштейт – өкмөт мойнуна алды

«Яндекс Такси» мамлекетке эч кандай салык төлөбөй иштейт – өкмөт мойнуна алды

Депутат Акылбек Кемелов бүгүн, 7-сентябрда ЖКнын Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин жыйынында Санариптик  өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин орун басарынан «Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сурады. Депутат ата мекендик такси иштеткен компанияларды кысып рынокко кирген, мобилдик тиркеме аркылуу иштеген «Яндекс.Такси» мамлекетке салык төлөй тургандыгына кызыгып, министрдин орун басарына суроо узатты.   Министрдин

8 айда бюджетке салыктан 66 млрд сом жыйналган – баары бир кризис

8 айда бюджетке салыктан 66 млрд сом жыйналган – баары бир кризис

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында салыктан 66 млрд 131.7 млн сом чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын берген маалыматына таянсак, план 2 млрд 985.3 млн сомго ашык аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу 18.1 млрд сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 16.1 млрд сомго көп.

Кыргызстан казакстандыктарга чек араны ачты – КР алардан да ушундай аракетти күтөт

Кыргызстан казакстандыктарга чек араны ачты – КР алардан да ушундай аракетти күтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Венада (Австрия) өткөн спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамытов казакстандык кесиптешине мамлекеттик чек арадан өтүүдө казакстандыктар үчүн бардык чектөөлөрдүн расмий түрдө жоюлушу тууралуу айтып, кыргызстандыктар үчүн да чектөөлөрдү паритеттик негизде