Назира Абдиева

Кыргызстандагы дары-дармек рыногунун 97% импортту түзөт

Кыргызстандагы дары-дармектердин 97% чет элден импорттолот. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат. Маалыматта берилгендей, минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Фарма Нур” ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилерин бизнес чөйрөнү активдүү колдоого чакырды.  Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандагы дары-дармек рыногунун 97% импортту түзөт, өздүк өндүрүш рыноктун 3%

Кыргызстанга биринчи жолу Сауд Арабиянын аскердик делегациясы келди

Кыргызстан тараптын чакыруусу менен Сауд Арабиянын Башкы штабынын башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлинин жетекчилиги алдында Бишкекке аскердик делегация келди. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Марипов Сауд Арабиянын аскердик жетекчилигинин Кыргызстанга келиши кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында алгач ирет болуп жатканын белгиледи. Бүгүн Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Кыргызстандын коргоо

Баткенде жаңы курулган 30 үй колдонууга берилди

Баткенде курулуп жаткан 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Маалыматта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктан үйлөрдүн ээлерине президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырганы айтылат. “Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында турат, бүтө электеринин 80-90%

Бизнес

«Кыргыз кашемир» компаниясы топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты

“Кыргыз кашемир” компаниясы Бишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) маалымат кызматы билдирди. Цехте USAID аркылуу АКШ өкмөтүнөн берилген жаңы жабдуулар коюлган. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүп, Кыргызстандан кашемирди экспорттоону

Кыргызстанда тигүү цехтери үчүн буюртмаларды алуу жана жумушчуларды жалдоого тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстандагы тигүү ишканалары үчүн буюртмаларды чогултуу жана кызматкерлерди жумушка алууга TexPro деп аталган жаңы тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңешинин өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө айтылат. TexPro – бул кийим индустриясында буйрутмаларды чогултуу жана кадрларды тандоо үчүн платформа катары иштеген мобилдик тиркеме. Тиркеме жеңил өнөр жайынын бардык катышуучуларын,

65 миң ишкер ККМ колдонууда - бир жылда 3 эсеге өстү

2022-жылы контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, бүгүнкү күндө 65 миң 422 субъектти түздү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшүнө салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы себеп болгон. ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык

Москвадагы «Продэкспо» эл аралык көргөзмөсүнө Кыргызстандан 5 компания катышат

2023-жылы 6-10-февралында Москвада “Продэкспо” 30-эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттардын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди. Көргөзмөгө Кыргызстандан беш компания – “АБАДА Трейд” ЖЧКсы, “Прод Импекс” ЖЧКсы, “Дауд-АС” ЖЧКсы, “Абдыш Ата” ЖЧКсы, “Бал аарысы” ЖЧКсы катышат. Ошондой эле өз продукцияларын тааныштырууну

АКШ элчилигинин колдоосу менен кыргызча акысыз IT курстары окутулат

АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан башкарылуучу USG кичи гранттар программасынын каржылоосу менен жакында акысыз IT курстары окутулуп баштайт. Бул тууралуу аталган Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Эл аралык билим берүү боюнча кыргызстандагы Америка кеңеши кыргыз тилинде онлайн курс ачууну туура көргөнүн айтат. “Изилдөөлөргө таянсак

Энергосистема керектөөлөргө туруштук бере албай жатат - маал-маалы менен свет өчөт

Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берет.  Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын маалымат кызматы кабарлады. Мекеме катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулаганын айтат. “Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө. Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун

Ысык-Көлдө жапайы тоо теке аткан браконьер кармалды

Ак-Суу районунда жапайы тоо теке аткан жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ысык-Көл – Нарын регионалдык башкармалыгынын аңчы жана егерь кызматкерлери жаратылышты коргоо боюнча рейдтик иш-чаралардын алкагында, Ак-Суу районунун Түргөн капчыгайынан Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн келе жаткан Ак-Суу районунун тургуну А.А.

Улуттук банк коммерциялык банктардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов кечээ, 17-январда коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абалы, ошондой эле минкабдын 2023-жылдын 13-январындагы токтому менен киргизилген, накталай АКШ долларын КРдан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланган. “Улуттук банктын

Гранттар жана кредиттер

КР энергетика секторуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар кредит алат - 38 жыл төлөйт

Кыргызстан Электр энергиялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (Дүйнөлүк банкка карайт) 38 жылга 50 млн доллар кредит алат. Кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө