Назира Абдиева

Тогуз айда мыйзамсыз курулуштарга 10.8 млн сом айып салынган - анын 4 млн сому гана өндүрүлдү

Бийлик

Тогуз айда мыйзамсыз курулуштарга 10.8 млн сом айып салынган - анын 4 млн сому гана өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан мыйзамсыз курулуштарга 10 млн 82 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев билдирди. Анын берген маалыматына таянсак, учурда алардан 4 млн сом өндүрүлгөн. «Мамлекеттик агенттик

«Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ жабдууларды сатып алуу боюнча ишенимсиз компания менен келишим түзгөн

«Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ жабдууларды сатып алуу боюнча ишенимсиз компания менен келишим түзгөн

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИге от казандарды алып келип бере турган болуп келишим түзгөн ишкана, 4.7 млн сомун алып, бирок жабдууларды жеткирип бербегени аныкталган. Алсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИде «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИнин «Нарын МПТ» филиалына 2 даана КВм-2,5

Салык кызматы төлөөчүлөрдү акысыз тейлеш керек - болбосо иштен айдалат

Салык кызматы төлөөчүлөрдү акысыз тейлеш керек - болбосо иштен айдалат

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) аймактык салык органдарына Бирдиктүү терезелерге кайрылган төлөөчүлөргө иш регламентинде белгиленгендей акысыз негизде гана кызмат көрсөтүүнү тапшырганын билдирди. Акысыз кызмат көрсөтүүгө маалымкаттарды жана чечимдерди берүү, отчеттун формаларын басып чыгаруу, документтерди ксерокөчүрмөсүн берүү жана башкалар кирет. Мындан тышкары, аймактык салык органдарынын имараттарына салык төлөөчүлөргө акы төлөө негизинде кызмат

Кыргызстанда жашоо минимуму 7242 сомду түздү

Экономика

Кыргызстанда жашоо минимуму 7242 сомду түздү

2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 7 242 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13.5%га өстү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди. Анын эң жогорку нарктык чоңдугу Жалал-Абад облусунда – 7 495

Тиешелүү министрликтерге Камбар-Ата-1 ГЭСтин долбоорун тездетүү тапшырылды

Тиешелүү министрликтерге Камбар-Ата-1 ГЭСтин долбоорун тездетүү тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, мындан төрт ай мурун КРнын президенти тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт

Астанада Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү

Астанада Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү

Астана шаарында кечээ, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним

КР менен Бангладеш өз ара дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар

КР менен Бангладеш өз ара дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар

Кечээ, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин VI Саммитинин алкагында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Абдул Момен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелери

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын реформалоого, инфляциянын кесепетин басаңдатууга жардам берет

Гранттар жана кредиттер

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын реформалоого, инфляциянын кесепетин басаңдатууга жардам берет

Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Жылдык жыйынга КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен КР Финансы министри Алмаз Бакетаев, кыргыз тараптан Эл аралык валюта фондунун кеңешчиси Толкунбек Абдыгулов да катышууда. Бул иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк банктын жана

Эл аралык издөөдөгү европалык Land Rover унаасы Бишкектен табылды

Эл аралык издөөдөгү европалык Land Rover унаасы Бишкектен табылды

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына Европадан уурдалган деген Land Rover үлгүсүндөгү унаа Бишкекте жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Борбор калаада оперативдик иликтөө учурунда тергөөчүлөр унаанын жүргөн жерин аныктап, анын айдоочусу К.М. аттуу 1995-жылы туулган жаран экенин аныкташкан. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Land Rover үлгүсүндөгү унаанын кузовунун номери өз

Бир жуманын ичинде жети миллионунчу кыргызстандык төрөлөт

Бир жуманын ичинде жети миллионунчу кыргызстандык төрөлөт

Улутстаткомдун баалоосу боюнча КРнын калкы 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн. Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. Улутстатком жети миллионунчу жарандын төрөлө

«Тулпар» жылдын инновациялык долбоору деп табылды

«Тулпар» жылдын инновациялык долбоору деп табылды

BPC KG компаниясы Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда «Коомдук транспортто электрондук билеттер» долбоору үчүн сыйланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, BPC KG 2019-жылдан бери иштеп келе жатат. 2020-жылдын 1-мартынан тарта система коммерциялык ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук

Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага президент Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан