BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп Visa Direct Account & Wallet сервисин тиркемеде ишке киргизип, атайын сыйлыкка ээ болду

BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп Visa Direct Account & Wallet сервисин тиркемеде ишке киргизип, атайын сыйлыкка ээ болду

BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке жактар үчүн Visa Direct Account & Wallet сервисин толугу менен онлайн форматта – түздөн-түз BAKAI мобилдик тиркемесинде ишке киргизди. Инновациялык чечимди ишке ашырганы үчүн банк эл аралык Visa төлөм системасынан атайын сыйлык алды.

Жаңы сервис BAKAI кардарларына эсептен эсепке эл аралык которууларды кеңсеге барбастан түздөн-түз тиркеме аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет - тез жана ыңгайлуу. Которуу жөнөтүү үчүн кардарларга банкка же акча которуу түйүндөрүнө баруунун, кошумча документтерди тариздөөнүн же татаал жол-жоболордон өтүүнүн кереги жок - баары онлайн форматта, BAKAI тиркемесинде баскычтарды бир нече жолу басуу аркылуу ишке ашат.

BAKAI Кыргызстанда Visa Direct Account & Wallet сервисин жеке жактар үчүн дал ушундай санарип форматта ишке киргизген алгачкы банк болду.

BAKAIдагы Visa Direct Account & Wallet кызматы Кыргызстан банктарынын арасындагы эң кеңири географияга ээ болгон санарип эл аралык которуу кызматтарынын бирин сунуштайт. Кардарлар Кытай жана Гонконгго, АКШга, БАЭге, Түркияга, Сингапурга, Түштүк Кореяга, Малайзияга, Индияга, Швейцарияга, Улуу Британияга, Канадага, Пакистанга, Таиландга, Вьетнамга, Индонезияга жана Японияга которуу жасай алышат.

Кардарлар эң көп колдонгон багыттардын бири болгон Кытайга өзгөчө көңүл бурулган. BAKAI тиркемеси аркылуу колдонуучулар каражаттарды:

·       Alipay’ге - ар кандай төлөмдөр жана которуулар үчүн

·       WeChat’ке - жеке жактар ортосундагы которуулар үчүн жөнөтө алышат

Салттуу card-to-card которуулардан айырмаланып, сервис account-to-account модели менен иштейт. Бул операциялардын географиясын кыйла кеңейтүүгө жана карта инфраструктурасына болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

"Биз кардарларыбыз үчүн дүйнөлүк каржы чечимдерин мүмкүн болушунча ыңгайлуу санарип форматта ишке киргизүүгө умтулуудабыз. Visa Direct Account & Wallet сервисинин түздөн-түз BAKAI тиркемесинде ишке кириши - эл аралык которууларды жана банктын санарип экосистемасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам", - деп белгилешти BAKAIда.

Жакынкы убакта Visa Direct Account & Wallet кызматы BAKAI Business кардарлары - юридикалык жактар жана ишкерлер үчүн да жеткиликтүү болот. Бул бизнеске эл аралык которууларды BAKAIдын санарип сервистери аркылуу кеңсеге барбастан, тез жана онлайн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Visa’дан алынган сыйлык BAKAIдын санарип каржы сервистери жана трансчегаралык төлөм чечимдери багытындагы лидерлигинин дагы бир ырастоосу болду. BAKAI мындан ары да эл аралык которуулар багытын өнүктүрүп, кардарлар үчүн өлкөлөрдүн, валюталардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн