Улуттук банк: беш айда банк сектору 10,6 млрд сом таза киреше тапты

Улуттук банк: беш айда банк сектору 10,6 млрд сом таза киреше тапты

2026-жылдын 31-майына карата абал боюнча Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 307 филиалы иштеп турган. Алардын алтоосу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүшөт. Улуттук банктын банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу расмий маалыматына ылайык, жыл башынан бери 5 айда банк секторунун суммардык активдери 10 623,7 млн сом таза киреше алган.

Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилинде салыштырмалуу азыраак болгондугу байкалууда, былтыр - 11 975,3 млн сом өлчөмүндө киреше алынган.

Билдирүүгө караганда, банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 32,6% өсүү менен былтыркы жылдын аягында салыштырмалуу жогорулаган. 2025-жылдын акырында – банк секторунун жалпы активдери  1 211,2 млрд сомго барабар болгон.

-        Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 14,6% өсүү менен 581,0 млрд сомду түздү. (2025-жылдын акырында – 10,5 пайыз же 53,0 млрд сом). Эң көп кредит соода тармагына жана керектөө муктаждыктарына берилген.

-        Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 6,4% өсүү менен 921,5 млрд сомду түзгөн. (2025-жылдын акырында – 866,2 млрд сом)

Ал эми банк секторунун кредит портфелинин долларлашуу деңгээли 2026-жылдын башталышынан тартып өзгөрүлгөн жок жана 18,3 % түзгөн. Банк секторунун депозиттик базасынын долларлашуу деңгээли 2026-жылдын башталышына салыштырганда 5,8 п.п. азаюу менен 29,0 % түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media