Улуттук банк бир катар банктардын жетекчилик кызматтарына талапкерлерди жактырды

Улуттук банк бир катар банктардын жетекчилик кызматтарына талапкерлерди жактырды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 10-июлунда өлкөдөгү бир катар коммерциялык банктардын жетекчилик кызматтарына сунушталган талапкерлерди макулдашты. Атап айтканда:

-        Компаньон Банкы” ЖАКтын башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары кызматына Бапа уулу Кубанычбектин, ал эми башкарманын төрагасынын орун басары кызматына Мусабаев Данияр Шералиевичтин талапкерлиги жактырылды.

-        “Бай-Түшүм” Банкы ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызматына Сооронбаева Жылдыз Таалайбековнанын талапкерлигине макулдук берилди.

-        “КСБ Коммерциялык Банк” ЖАКта директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына Джамансариева Асель Анарбековна, ал эми башкы бухгалтер кызматына Кабылбекова Анара Кабылбековна жактырылды.

-        “ФинансКредитБанк” ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызматына Усенканов Бекзат Бахдаткановичтин талапкерлиги макулдашылды.

-        “Мбанк” ААКтын ички аудит кызматынын начальнигинин орун басары кызматына Турсуналиев Мирбек Табалдиевичтин талапкерлиги жактырылды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, бардык талапкерлер боюнча макулдук берүү чечими кабыл алынган.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди