Улуттук банк Бишкек шаарындагы төрт акча алмашуу бюросуна карата чара колдонду

Улуттук банк Бишкек шаарындагы төрт акча алмашуу бюросуна карата чара колдонду

КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы төрт акча алмаштыруу бюросуна карата чара колдонду. Улуттук банктын маалыматына караганда, 3 алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынды.

Мындан тышкары, дагы бир акча алмаштыруу бюросунун лицензиясынын аракети 2026-жылдын 15-июлунан 29-июлуна чейин убактылуу токтотулду.

Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 14-июлуна карата абал боюнча реестринде Улуттук банктын расмий лицензиясына ээ болуп, Кыргызстандын аймагында акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан, жалпы 897 алмашуу бюросу бар. Алардын ичинен 443ү Бишкек шаарында жайгашкан.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди