Visa Direct Account бизнес үчүн эл аралык эсептешүүлөрдү жеңилдетет

Visa Direct Account бизнес үчүн эл аралык эсептешүүлөрдү жеңилдетет

BAKAI Business — ишкерлер үчүн каржылык кызматтарды, санариптик чечимдерди жана эл аралык төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген заманбап экосистема. Анын жардамында компаниялар эсептешүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүп, чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен кызматташып, ишкерликтин географиясын кеңейте алышат.

Андагы негизги инструменттердин бири болуп Visa Direct Account саналат. Бул сервис дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү, анын ичинде АКШ, Түркия, Гонконг, Индия жана Европа мамлекеттериндеги банктык эсептерге түз акча которууга шарт түзөт. 

Сервис толугу менен санариптештирилген, татаал процедураларды талап кылбайт жана эл аралык эсептешүүлөрдү тез, ыңгайлуу жана коопсуз ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаратат. 

Visa Direct Account’тун бизнес үчүн негизги мүмкүнчүлүктөрү: 

1.  Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эсептешүү — чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен товар жана кызматтар үчүн төлөмдү тез жана ыңгайлуу жүргүзүү; 

2.  Жеткирүүчүлөргө төлөм – сатып алууларды жөнөкөйлөтүү жана эл аралык төлөмдөрдү ишке ашырууга коротулган убакытты кыскартуу; 

3.  Логистикалык жана башка эл аралык кызматтарга төлөм – жеткирип берүү, транспорттук кызматтар жана коштоп жүрүүчү сервистер үчүн эсептерди ачык-айкын жүргүзүү. 

BAKAI Business ишкерлер бизнести натыйжалуу жүргүзүп, дүйнөнүн бардык бурчундагы өнөктөштөр менен кызматташуусу үчүн заманбап каржылык инструменттерди түзүү менен эл аралык эсептешүү кызматтарын кеңейтүүнү улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media