Банктар үчүн маалыматтык коопсуздуктун бирдиктүү стандарты киргизилет
Улуттук банк банктарды маалыматтык коопсуздук боюнча ISO/IEC 27001 эл аралык стандартынын негизинде сертификаттан өтүүгө милдеттендирген жаңы талаптарды иштеп чыгууда. Бул тууралуу CYBERFINANCE 2026 форумунда Улуттук банктын Киберкоопсуздук жана маалыматтык коргоо башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев билдирди.
Анын айтымында, учурда ар бир банк өз алдынча коргонуу системасын колдонгону менен, алардын инфраструктурасы жалпы болгондуктан, бир банктын алсыз корголушу бүтүндөй банк тутумуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Биргелешкен ISO/IEC 27001 стандарты маалыматтык тобокелдиктерди баалоо, кардарлардын маалыматтарын коргоо, киберчабуулдарга жана техникалык мүчүлүштүктөргө ыкчам жооп кайтаруу, ошондой эле маалыматка жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү талаптарды белгилейт. Азыркы учурда банктар бул стандарттын талаптарынын 50–70%ын аткарып жатышат.
Долбоор коомдук талкууга чыгарылган. Сертификация бир нече этап менен жүргүзүлөт: банктын учурдагы абалын талдоо, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана көз карандысыз аудиттен өтүү. Долбоорду ишке ашыруу 2027-жылы башталат.