"Элдик Банк" менен МИК 65 млн $ ипотекалык долбоорду баштады

"Элдик Банк" менен МИК 65 млн $ ипотекалык долбоорду баштады

«Элдик Банк» ААК менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында кайра каржылоо боюнча башкы келишимге кол коюшту.

Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 65 млн $ түзөт. Анын алкагында жарандар үчүн жеңилдетилген шарттагы жаңы ипотекалык программалар ишке киргизилет.

Документке «Элдик Банк» ААКнун Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун Башкармасынын Төрагасы Талант Жекшенов кол коюшту.

Ага ылайык, биринчи этапта "Аялдардын ипотекасы" социалдык программасы ишке ашырылат. Программа аялдардын ипотекалык насыяга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Программанын алкагында карыз алуучулар жеңилдетилген насыялоо шарттарына ээ болушат:

-        Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууга – жылдык 10,75%;
-        Аймактарда турак жай сатып алууга – жылдык 9,75%.

Долбоордун кийинки этабында “Жашыл ипотека” программасы ишке киргизилип, энергияны үнөмдөөчү турак жайларды сатып алууга жана экологиялык таза курулуш технологияларын колдонууга колдоо көрсөтүлөт. Программаны ишке ашыруу курулуш тармагын туруктуу өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы дагы бир кадам болууда.

Тараптар бул долбоор Кыргызстанда жеткиликтүү ипотеканы кеңейтүүгө, аялдарды колдоого жана энергияны үнөмдөөчү турак жай курулушун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешүүдө.

 “Аялдар жана жашыл ипотека программасы - жарандардын өз турак жайына жетүүсүн кыйла жеткиликтүү кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Биз өзгөчө аймактардагы аялдарды колдоого басым жасап, аларга эртеңки күнгө ишеним арттырууга жана үй-бүлөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөбүз”- деп билдирди “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын Башкармасынын Төрагасы Талант Жекшенов.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media