Улуттук банк - кредиттик тарыхты сактоонун мөөнөтүн кыскартты

Улуттук банк - кредиттик тарыхты сактоонун мөөнөтүн кыскартты

Улуттук банктын башкармасы кредиттик бюролордун иштөө эрежелерине өзгөртүү киргизип, карыз алуучулардын милдеттемелери тууралуу маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты.

Тиешелүү токтом 2016-жылдагы “Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында 15-июлда кабыл алынды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жаңы тартип боюнча, эми:

-        оң кредиттик тарых акыркы өзгөртүү киргизилген күндөн тартып 5 жылга сакталат;
-        терс кредиттик тарых 2 жылга чейин сакталат;
-        30 миң сомго чейинки насыя боюнча терс 1 жыл гана сакталат.

Белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен маалыматтар мындан ары кредиттик тарыхка киргизилбейт.

Ошондой эле жоюлуп кеткен кредиторлордон алынган маалыматтар акыркы жаңыртылган күндөн тартып 2 жылдан кийин, кредиттик тарыхка кошулбайт.

Мындан тышкары, эгерде насыя боюнча 90 күндөн ашык мөөнөт өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаал же өзгөчө абалдан улам жаралган болсо, карыз алуучу арыз берүү аркылуу бул маалыматты терс кредиттик тарыхтан алып салуу укугуна ээ болот.

Улуттук банктын токтому расмий жарыялангандан кийин 7 күндөн соң күчүнө кирет.

 

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде 7 500 фермерди колдоо долбоору ишке ашууда

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат