Улуттук банк акча которуу системаларынын иштөө тартибине өзгөртүү киргизди

Улуттук банк акча которуу системаларынын иштөө тартибине өзгөртүү киргизди

Улуттук банк акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлүүчү которууларга байланыштуу эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтом 2026-жылдын 15-июлунда кабыл алынган.

Жаңы талаптарга ылайык, акча которуу системаларынын операторлору жаңы кызматтарды же сервистерди ишке киргизерден кеминде 15 жумуш күнү мурда Улуттук банкка алдын ала маалымдап, бардык өзгөртүүлөр тууралуу толук маалымат берүүгө милдеттүү.

Ошондой эле Улуттук банк төмөнкү учурларда операторду реестрден чыгарууга укуктуу болот:

-        оператордун лицензиясы же уруксат берүүчү документтери жокко чыгарылса;
-        оператор өз ыктыяры менен ишин токтотууну чечсе;
-        каттоодон өткөндөн кийин 12 ай ичинде ишин баштабаса же бир жылдан ашык иш жүргүзбөсө;
-        Улуттук банктын талаптарын 12 ай ичинде эки же андан көп жолу бузса;
-        каттоодо жалган маалымат бергендиги аныкталса.

Мындан тышкары, операторлор системанын эрежелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө да Улуттук банкка 15 жумуш күнү мурда жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Жаңы тартипке ылайык, акча которуу системаларынын операторлору жүргүзүлгөн операциялар жана системанын катышуучулары тууралуу маалыматты ар бир чейректен кийин кийинки айдын 15инен кечиктирбей электрондук түрдө Улуттук банкка тапшырып турушат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media