Ысык-Көлдө мыйзамсыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиясы жок нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн эки жаранга айып пул салды.

 Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиргендей, Кыргызстандын жарандары К.Э.Т. жана Н.Н.Р. мыйзамсыз валюта алмаштыруу ишин жүргүзгөндүгү аныкталган. Анын негизинде ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

 Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 24-июлуна карата өлкөдө лицензиянын негизинде иш алып барган 897 алмашуу бюросу бар. Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө ушул расмий лицензияланган алмашуу бюролору гана укуктуу.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 5 кадамга барган

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты