Apple Pay DemirBank карта ээлерине жеткиликтүү болот. Жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралы

Apple Pay DemirBank карта ээлерине жеткиликтүү болот. Жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралы

Бүгүнтөн баштап DemirBank тарабынан чыгарылган карталардын ээлери Apple Pay – мобилдик төлөмдөр чөйрөсүн толугу менен өзгөртүп, ылдамдыкты жана ыңгайлуулукту сунуштаган жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралынан пайдалана алышат. 

Apple Pay'дин негизинде коопсуздук жана купуялуулук жатат. Кредиттик же дебеттик картаны Apple Pay'ге кошкондо, картанын номери түзмөктө да, Apple'дин серверлеринде да сакталбайт. Анын ордуна, түзмөгүңүздүн "Коопсуз Элемент" чипинде шифрленип, коопсуз сакталган уникалдуу түзмөк эсебинин номери ыйгарылат. Ар бир транзакция динамикалык түрдө түзүлгөн уникалдуу бир жолку сыр сөз менен авторизацияланат.

Apple Pay'ди орнотуу абдан оңой: кардарлар кредиттик же дебеттик картасын DemirBank тиркемеси же Wallet тиркемеси аркылуу кошо алышат. Дүкөндөрдө Apple Pay менен iPhone SE, iPhone 6 жана андан кийинки моделдер, ошондой эле Apple Watch аркылуу төлөөгө болот. 

Apple Pay тиркемелерде жана веб-сайттарда сатып алууларды Touch ID'ге бир жолу тийүү менен же iPhone X'теги каптал баскычты эки жолу басып, Face ID аркылуу операцияны ырастоо менен абдан оңой кылат. Эми байланыш маалыматтары менен чоң документтерди кол менен толтуруунун же жеткирүү жана эсеп-фактура маалыматтарын кайрадан киргизүүнүн кереги жок. Тиркемелерде же Safari'де сатып алууларды төлөп жатканда, Apple Pay iPhone 6 жана андан жаңы моделдерде, iPad Pro, iPad Air 2, iPad mini 3 жана андан жаңы моделдерде иштейт. Ошондой эле, 2012-жылдан кийинки каалаган Mac'тагы Safari браузеринде Apple Pay'ди колдоно аласыз, эгерде компьютериңизде macOS Sierra орнотулган болсо, төлөмдү iPhone 6 же андан жаңы моделиңизден, же Apple Watch'уңуздан, ошондой эле жаңы MacBook Pro'догу Touch ID'ге манжаңызды тийгизүү менен ырастай аласыз. 

Толук маалымат — demirbank.kg сайтында
КРУБ №035 лицензиясы

Apple Pay жөнүндө кененирээк сайттан окуңуз: http://www.apple.com/ru/apple-pay/

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media