Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм сервиси ишке киргизилди

Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм сервиси ишке киргизилди

Кыргызстандын банктык төлөм карталарынын ээлерине Apple түзүлүштөрү аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн коопсуз, тез жана ыңгайлуу төлөм жүргүзүүгө, ошондой эле мобилдик тиркемелерде жана интернет тармагында сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген Apple Pay эл аралык төлөм сервиси жеткиликтүү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Apple Pay сервисинин ишке кириши өлкөнүн төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана Кыргызстанды дүйнөлүк санарип төлөм экосистемасына интеграциялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы болуп саналат.

Төлөмдөрдүн коопсуздугу токендештирүү технологиясы аркылуу камсыздалат. Анда банктык картанын маалыматтары уникалдуу санарип идентификатору менен алмаштырылып, операциялар Face ID же Touch ID аркылуу тастыкталат. Бул ыкма төлөм маалыматтарын коргоп, алдамчылык тобокелдиктерин азайтат.

Улуттук банк белгилегендей, жаңы сервистин ишке кириши жарандар үчүн төлөмдөрдү тез, коопсуз жана ыңгайлуу жүргүзүүгө шарт түзсө, бизнес үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө, ошондой эле чет өлкөлүк туристтерди тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болот. Бул кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатып, алдыңкы эл аралык төлөм технологияларын колдонууга киргизүү процессин тездетет.


Маалымат үчүн: Apple Pay – бул Apple компаниясы тарабынан сунушталган төлөм сервиси. Ал банктык төлөм картаны колдонбостон эле, Apple түзүлүштөрү аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн байланышсыз төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Аталган сервис токендештирүү технологиясын колдонот, анын алкагында банктык төлөм картасынын реквизиттери уникалдуу санарип идентификаторуна (токенге) алмаштырылат. Операциялар түзүлүштө орнотулган аутентификация каражаттары, анын ичинде Face ID жана Touch ID аркылуу тастыкталат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media
ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media