Улуттук банк: Кыргызстандын банк системасы туруктуу иштеп жатат

Улуттук банк: Кыргызстандын банк системасы туруктуу иштеп жатат

КРнын коммерциялык банктарынын бирине карата санкциялардын киргизилиши тууралуу маалыматка байланыштуу, Улуттук банк билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын банк сектору туруктуу абалда иштеп жатат. Банктар жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ болуп, тышкы тобокелдиктерге туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн сактап жатат.

Улуттук банк белгилегендей, коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга бардык банктык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү улантууда.

Ошондой эле жөнгө салуучу орган кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына тийгизиши мүмкүн болгон таасирин азайтуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана алардын филиалдарынын 2026-жылдын 3-июлуна карата абалы боюнча  өлкөдө жалпы 26 коммерциялык банк ишмердүүлүк жүргүзүп жатат.


Эске салсак, өткөн жумада Европа Биримдиги Россияга каршы киргизген 21-пакет санкциясында Кыргызстанга байланыштуу бир катар чектөөлөрдү кабыл алып, ага ылайык, "ЭкоИсламикБанк" менен операцияларга тыюу салындыгы маалым болгон.  

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media