Улуттук банктын эсептик чени 12% деңгээлинде калтырылды

Улуттук банктын эсептик чени 12% деңгээлинде калтырылды

Улуттук банк Башкармасынын 27-июлундагы отурумунда эсептик ченди 12% деңгээлинде калтыруу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Маалыматка ылайык, Глобалдык экономикада түзүлгөн тенденциялар Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу алкагында КРдагы инфляциялык процесстерге таасир этишин улантууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баанын өзгөрүлмөлүүлүгү, Ормуз кысыгы аркылуу мунай продуктуларын берүүнүн үзгүлтүккө учуроо тобокелдиктери жана ага байланыштуу дүйнөлүк мунай рыногундагы баа жагдайы өлкөгө импорттолуучу товарлардын наркынын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири бойдон калууда.

“2026-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында инфляция көрсөткүчү жалпысынан 6,5%ды түздү. Түзүлгөн инфляциянын түзүмүндө тышкы таасирдин алкагында азык-түлүк компоненти жана күйүүчү-майлоочу материалдар баалардын кыйла жогорулашын көрсөттү, бул өз кезегинде экинчи деңгээлдеги кесепеттерди жаратып, калктын керектөө куржунундагы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнүн баасына таасирин тийгизди”, – деп билдирди Козубеков.  

Анын айтымында, КРнын экономикасында калктын реалдуу кирешелеринин тынымсыз көбөйүшүнүн натыйжасында ички суроо-талаптын өсүшү белгиленүүдө. Айрыкча, курулуш секторунда жогорку инвестициялык активдүүлүк байкалууда. Экономиканын бардык секторлору өлкөнүн реалдуу ИДӨсүнүн эки орундуу көрсөткүчтөрүн 11,9%дык деңгээлинде шарттоо менен оң динамиканы көрсөтүүдө.

Мындан сырткары, 2026-жылдын май айынан тартып жүргүзүлүп жаткан монетардык саясаттын алкагында тактикалык кадамдар өзгөртүлүп, экономикадагы акчанын көлөмүн жөнгө салуу чаралары күчөтүлгөндүгү маалымдалды.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чени боюнча кийинки отуруму 2026-жылдын 24-августунда өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media
Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Тоолуу аймактагы ишкерлерге 50 миң доллардан грант берилет

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор программасына өтүнмөлөр кабыл алынууда. Кабыл алуу 15-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Программаны Тоолор өнөктөштүгү, ФАО, Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана МинКаб Италия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырууда. Маалыматка ылайык, тоо продукциясын өндүрүүчүлөр, кооперативдер,

Ишкер Media