BAKAI Travel'да отелдерди брондоо кызматы ишке кирди — эми ар бир сапар үчүн 10% кешбэк кайтарылат

BAKAI Travel'да отелдерди брондоо кызматы ишке кирди — эми ар бир сапар үчүн 10% кешбэк кайтарылат

BAKAI мобилдик тиркемесиндеги BAKAI Travel сервисинде жаңы "Отелдер" бөлүмү ачылды.

 Эми саякат үчүн керектүүнүн баарын бир жерден таап, отелиңизди бир нече мүнөттө эле ээлеп коюуга болот.

Жаңы сервистин ачылышы менен бирге BAKAI саякатчылар үчүн атайын сунуш даярдады. Ар бир брондоо үчүн колдонуучуларга 10% кешбэк накталай акча түрүндө кайтарылат.

Сизди эмне күтөт?

• Кыргызстан боюнча 400дөн ашык жайгашуу варианты;

• Дүйнө жүзү боюнча 3,5 миллиондон ашык жайгашуу жайы;

• BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу түз, тез жана оңой брондоо;

• Ысык-Көлдөгү жана тоолордогу чакан үйлөрдөн тартып, Европадагы деңиз жээгиндеги курортторго чейин.

Маанилүү: акция 2026-жылдын 31-августуна чейин иштейт. Ар бир календардык айда бир колдонуучу 10 000 сомго чейин кешбэк ала алат.

Канчалык көп саякаттасаңыз, эсебиңизге ошончолук көп акча кайтарылат!

Кантип ээлеп коюу керек?

BAKAI → Сервистер → BAKAI Travel → Отелдер

Отелиңизди азыр эле брондоңуз! 

"Отелдер" бөлүмү жана кешбэк акциясы BAKAI мобилдик тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media
Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды. Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын

Ишкер Media
Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”

Ишкер Media
"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media