Мыйзамсыз акча алмаштырган 2 жаран жоопко тартылды

Мыйзамсыз акча алмаштырган 2 жаран жоопко тартылды

КРнын Улуттук банкынын лицензиясы жок, Ысык-Көл өрөөнүндө нак чет өлкө валютасын алмаштырып жүргөн 2 жаранга карата Улуттук банк чара колдонду.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, К.Ж.Р. жана К.Д.К.аттуу жарандар акча алмашуу операцияларын жүргүзүү менен алектенип жатышкан. Алардын бул мыйзамсыз ишмердүүлүгү Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан аныкталып, аталган жарандардын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгелей кетсек, акча алмаштыруу операцияларын Улуттук банктан атайын лицензия алган жайлар же банктар гана жүргүзө алышат. 2026-жылдын 28-июлуна карата Улуттук банктын ресстринде Кыргызстан боюнча лицензияга ээ болуп, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 896 акча алмаштыруучу жай бар.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жасалма интеллект кайсы кесиптерге болгон суроо-талапты азайтты?

Жасалма интеллект кайсы кесиптерге болгон суроо-талапты азайтты?

Жасалма интеллекттин өнүгүшү айрым кесиптерге болгон суроо-талапты азайтып жатат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткул Мукамбетова "АКИpress" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, кесиптер толугу менен жоголбойт, бирок айрым кызматтар автоматташтырылууда. Учурда маалыматтарды кол менен киргизүү боюнча адистерге, кассирлерге, колл-

Кыргызстанда шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргызстанда шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги

Кыргызстан менен Өзбекстан билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери ректорлордун III форумунда талкууланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышып, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүндө билим берүү жана илим тармагы өзгөчө орун

Кыргызстанга мобилдик медициналык клиникалар ноябрда өткөрүлүп берилет

Кыргызстанга мобилдик медициналык клиникалар ноябрда өткөрүлүп берилет

Кыргызстанда Король Абдулланын гуманитардык жардам фонду тарабынан каржыланган мобилдик көп тармактуу медициналык клиника долбоорунун жыйынтыктары жана медициналык комплекстерди өткөрүп берүү маселеси талкууланды. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 28-июлда Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондунун (KAHF) Башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-