Бишкектеги 4 акча алмыштыруу бюросунун лицензияларынын аракети токтотулду
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2026-жылдын 30-июлунан тартып 13-августуна чейин 4 алмашуу бюролосунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, чара колдонулган акча алмашуу бюролонун баары тең Бишкек шаарында жайгашкан. Алар:
- “Арча Моней” ЖЧК алмашуу бюросу;
- “Аника” Алмаштыруу бюросу” ЖЧКсы;
- “Гранд Кэш” ЖЧК алмашуу бюросу:
- “Престиж Мани А” ЖЧК алмашуу бюросу.
КРнын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 28-июлуна карата абал боюнча реестринде Улуттук банктын расмий лицензиясына ээ болуп, Кыргызстандын аймагында акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан, жалпы 896 алмашуу бюросу бар. Алардын ичинен 443ү Бишкек шаарында жайгашкан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу