“Инвестициялык насыя” деген ат менен лицензиясы жок калктан акча тартуу мыйзамсыз

“Инвестициялык насыя” деген ат менен лицензиясы жок  калктан акча тартуу мыйзамсыз

КРнын Улуттук банкы жарандарды лицензиясы жок уюмдардын “инвестициялык насыя” деген ат менен акча каражаттарын тартуу аракеттеринен сак болууга чакырат.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, эгерде лицензиясы жок компаниялар аманаттарды же депозиттерди кабыл алып, аны “инвестициялык насыя” катары жашырып сунуштаса, бул мыйзамсыз каржылык ишмердүүлүк болуп эсептелет.

Мындай учурларга же лицензиясыз валюта алмаштыруу фактыларына күбө болгон кезде, жарандар Улуттук банкка кайрылуусу керек. Ал эми мыйзамсыз каржылык ишмердүүлүктүн башка белгилери аныкталса, Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматына (Финкөзөмөл) же укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда 60 үй-бүлөгө арналган социалдык шаарча курулууда

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды