Улуттук банк коммерциялык банктардын капиталга баа берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк коммерциялык банктардын капиталга баа берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболорго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн негизги максаты – Кыргызстандын коммерциялык банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана банк секторунун финансылык туруктуулугун бекемдөө болуп саналат.

Долбоордо банктар капиталдын жетиштүүлүгүн баалоодо учурдагы тобокелдиктер менен катар келечекте жаралышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди да эске алышы керектиги сунушталган. Алардын катарына климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер, криптовалюталык активдерге байланышкан тобокелдиктер, ошондой эле банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланышкан тобокелдиктер кирет.

Мындан тышкары, банктар чет мамлекеттерде иш алып барууга байланышкан олуттуу тобокелдиктерди өзүнчө баалап, аларды жабууга жетиштүү капиталды камсыздоого тийиш болот.

Бул өзгөртүүлөр КРнын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы чет мамлекеттерде кыргыз банктарынын иштөөсү үчүн укуктук шарттарды түзүү боюнча жарлыгын ишке ашыруунун алкагында даярдалган.

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий сайтындагы “Талкууга сунушталган долбоорлор” бөлүмүндө жана коомдук талкуу порталында жайгаштырылган. Документти кабыл алуу кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт жана социалдык же экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media