Улуттук банк кредиттик бюролордо маалыматтарды сактоо тартибин өзгөрттү

Улуттук банк кредиттик бюролордо маалыматтарды сактоо тартибин өзгөрттү

Улуттук банктын башкармасы кредиттик бюролордун иштөө эрежелерине өзгөртүү киргизип, карыз алуучулардын милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жаңы тартип боюнча, эми:

-        Позитивдүү насыялык маалымат - 5 жылга чейин сакталат (7 жыл болгон);

-        Негативдүү насыялык маалымат- 2 жылга чейин сакталат (5 жыл болгон);

-        30 миң сомго чейинки кредит боюнча насыялык маалымат 1 жыл гана сакталат;

-        Жоюлган кредиттик маалымат берүүчү тарабынан берилген кредиттик маалымат 2 жыл (5 жыл болгон) сакталат.

 Белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен маалыматтар мындан ары кредиттик тарыхка киргизилбейт.

 Мындан тышкары, эгерде насыя боюнча 90 күндөн ашык мөөнөт өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаал же өзгөчө абалдан улам жаралган болсо, карыз алуучу арыз берүү аркылуу бул маалыматты терс кредиттик тарыхтан алып салуу укугуна ээ болот.

Кредиттик тарых – бул адамдын качан жана кайсы финансылык-кредиттик уюмдардан кредит алганы жана кредиторго канчалык тартиптүү төлөгөндүгү жөнүндө маалымат.

Мындай маалымат КРсы боюнча 2 кредиттик бюродо: "Ишеним" Насыя Бюросу" ЖАК жана "Сэйф энд Саунд" Насыя бюросу" ЖАК сакталат.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик