Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Улуттук банк чыгарган жаңы алтын коллекциялык монета өлкөнүн нумизматика тарыхындагы дагы бир маанилүү окуя болуп калды. Баасы 99 миң 460 сом болгон бул монета расмий төлөм каражаты макамына ээ. Бирок аны нумизматикалык баалуулук катары баалагандар күнүмдүк төлөм үчүн эмес, көбүнчө коллекциясын байытып, инвестиция жасоого же белекке тартуулоого сатып алышат.

Жаңы монетанын өзгөчөлүгү – бул Кыргызстандын эгемендигине арналган экинчи алтын монета. Буга чейин өлкөнүн 30 жылдыгына арналган алтын коллекциялык монета 2021-жылы чыгарылган.

Улуттук банктын алтын монеталары

Жаңы чыгарылган монета ушуну менен Улуттук банктын алтын коллекциялык монеталарынын саны боюнча алтынчысы болуп калды. Буга чейин төмөнкү алтын монеталар чыгарылган:

-        “Манас” – 1995-жылы;
-        “Ош” – 2000-жылы;
-        “Курманжан Датка – 200 жыл” – 2012-жылы;
-        “Ак илбирс” – 2015-жылы;
-        “Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл” – 2021-жылы;
-        “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” – 2026-жыл.

Бул тизме Улуттук банктын алтын монеталарды жөн гана мааракелерге эмес, өлкөнүн тарыхын, мамлекеттүүлүгүн жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган окуяларга арнап чыгарып келе жатканын көрсөтүп турат.

Ак илбирске айланган баалуулук

Жаңы монетанын алдыңкы бетинде мамлекеттик желектин фонунда алдыга умтулган ак илбирс сүрөттөлгөн. Бул кокустук эмес. Ак илбирс акыркы жылдары Кыргызстандын эң башкы улуттук символдорунун бирине айланып, мамлекеттик бренд катары да кеңири колдонулууда.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясында да ак илбирс буга чейин эки жолу чагылдырылган. Алгач 2012-жылы күмүш монетада жаныбардын көздөрүнө эки Swarovski кристаллы орнотулган болсо, кийин 2015-жылы алтын монетада анын көздөрүнө эки бриллиант чөгөрүлүп жасалган.

Бүгүн жүгүртүүгө чыккан жаңы монета ак илбирсти үчүнчү жолу нумизматикалык символ катары сунуштап жатат.  

Күмүш жана алтын - Ак илбирс

Коллекциялык гана эмес, инвестициялык - баалуулук

Наркы 99 миң сомдон ашып, көпчүлүк үчүн кымбат көрүнгөнү менен, мындай монеталардын наркы алтындын дүйнөлүк баасына, чыгарылган нускасынын чектелгендигине жана коллекциялык баалуулугуна жараша эсептелет. Салмагы 8 граммга чукул (7,78гр) Au 999 таза алтындан жасалган бул монета болгону 1000 даана чыгарылган.

Эгерде Улуттук банктын алтындын өлчөнгөн куймаларынын наркына салыштырсак, бүгүн 1 гр алтындын баасы - 13 005 сомдон бааланып жатат. Бул монетаны алтын куйманын наркы менен эсептей турган болсок - 101 178 сомдон айланмак.

Белгилей кетсек, буга чейин чыгарылган алтын монеталардын бири дагы Улуттук банктын кассаларында калбай калгандыктан, азыр сатыкта жок, бирок нумизматикалык рынокто баасы кыйла жогору бааланып, сатылып жатат.

Ошентип, “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл”алтын монетасы өлкөнүн эгемендигин белгилеген эстелик гана эмес, мамлекеттин тарыхын, улуттук символдорун жана маданий мурасын нумизматикага айланган баалуулугу болуп калды.  

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрацисынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы, реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешти. Алар Кыргызстанга жана

Ишкер Media
Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү

Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү

2024–2026-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" улуттук долбоорунун алкагында өлкө боюнча 281 ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоордун алкагында 2 млрд доллардан ашуун инвестиция тартылып, 20 миң 800 жаңы жумушчу орун түзүлгөн. 2026-жылдын аягына чейин дагы 47 жаңы өнөр жай ишканасын ишке

Ишкер Media
Быйыл китептерге 760 млн сом бөлүндү

Быйыл китептерге 760 млн сом бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мектептерди окуу китептери, жумушчу дептерлер жана методикалык колдонмолор менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жыйында 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында китептерди басып чыгаруу жана жеткирүү маселеси каралды. Ар бир окуу жылы үчүн класстарга этап-этабы менен китеп чыгаруу планы иштелип

Ишкер Media
Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media