Apple Pay: Кыргызстанда төлөм жүргүзүүнүн жаңы доору башталды

Apple Pay: Кыргызстанда төлөм жүргүзүүнүн жаңы доору башталды

2026-жылдын 28-июлунан баштап Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм сервиси жеткиликтүү болуп калгандыгы тууралуу расмий маалымдалган. Бул сервис санариптешүү доорунда маанилүү болгону менен жергиликтүү калыктын көпчүлүгү анын өзгөчөлүгү, артыкчылыктары жана зарылдыгын биле бербейт.

Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” - Apple Pay кантип иштейт, аны кимдер пайдалана алат жана анын кадимки банктык карталардан айырмасы эмнеде? – деген суроолор менен Улуттук банкка кайрылып, Санарип финансылык технологиялар башкармалыгынын башчысы Нургүл Ташбековадан жооп алды.

Apple Pay деген эмне? Аны жөнөкөй жарандар да колдоно алышабы же бизнес өкүлдөрү үчүн гана каралганбы?

Apple Pay – бул банктык картаны пайдалануусуз, Apple түзүлүшү (iPhone, Apple Watch жана башка шайкеш түзүлүштөр) аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө мүмкүндүк берген байланышсыз эл аралык төлөө сервиси.

Apple Pay сервисин КРнын банктарынын бардык төлөм карта ээлери Apple Pay кызматына кошулган шартта пайдалана алышат.

Жалпы алганда, Apple Pay аркылуу төлөө кадимки банктык карта менен төлөөдөн айырмаланбайт – акча каражаттары колдонуучу Apple Wallet тиркемесине кошкон ошол эле картадан эсептен чыгарылат. Негизги айырмачылыгы – төлөм жүргүзүү үчүн смартфонду же саатты NFC байланышсыз технологиясы каралган POS-терминалга жакындатуу гана жетиштүү, мында банктык картаны дайыма жанына алып жүрүү зарылдыгы жок.

Соода-тейлөө ишканалары тарабынан кандайдыр бир атайын иш-аракеттерди аткаруу талап кылынбайт. Эгер аларда NFC технологиясы каралган POS-терминал аркылуу банктык карталар менен байланышсыз төлөмдөр кабыл алынып жатса, Apple Pay аркылуу төлөөлөрдү да жүргүзсө болот.

Apple Pay кызматын кантип кошсо болот?

Apple Pay сервисин колдонуу үчүн Apple түзүлүшү жана КРнын банкы тарабынан чыгарылган жана аталган сервиске кошулган төлөм карта болууга тийиш. Мында, Apple Pay сервисин төмөнкү эки ыкманын бири аркылуу кошууга болот:

-        картаны Apple Wallet тиркемесине кошуу мүмкүнчүлүгү каралган банктын мобилдик тиркемеси аркылуу;
-        же болбосо жаңы банктык картаны кошуу функциясын тандоо менен Apple түзүлүшүндөгү Wallet тиркемеси аркылуу. 

Картаны кошкондон кийин аны эмитент банктын жол-жоболоруна ылайык ырастоо талап кылынышы мүмкүн. Адатта, бул процесс бир нече мүнөттү гана талап кылат жана бир нече жөнөкөй кадам менен аткарылат. Кызматты кошуу боюнча суроолор жаралган учурда тиешелүү банктын расмий сайтында же мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган көрсөтмө менен таанышып чыгуу же болбосо банктын колдоо кызматына кайрылуу сунушталат.

Apple Pay сервисинин өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары кандай?

Apple Pay сервисин NFC технологиясы каралган POS-терминалдар орнотулган соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө колдонууга болот. Мындан тышкары, Apple Pay сервиси каралган мобилдик тиркемелер аркылуу жана онлайн дүкөндөрдө да пайдаланса болот. Колдонуучулар бул сервисти КРнын аймагында гана эмес, анын чегинен тышкары, банк карталары аркылуу байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алган өлкөлөрдө да төлөөдө колдоно алышат.

Ушул сервисти ишке киргизүү үчүн канча убакыт талап кылынып, кандай иштер аткарылды?

Apple Pay сервисин ишке киргизүү үчүн зарыл шарттарды түзүү иштери Улуттук банк тарабынан бир нече жыл бою жүргүзүлүп келген. Атап айтканда, 2017-жылдан тартып аталган сервисти Кыргыз Республикасында ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө иштери башталган.

Мындан тышкары, Улуттук банк тарабынан Apple компаниясы, коммерциялык банктар, эл аралык төлөм системалары жана башка кызыкдар тараптар ортосунда өз ара ишти координациялоо боюнча комплекстүү иштер уюштурулган. Бул иштерде сервисти ишке киргизүүнүн техникалык жана уюштуруу аспектилерин талкуулоо, рыноктун катышуучуларынын даярдыгын камсыз кылуу, ошондой эле алардын өз ара иштөө тартибин макулдашуу камтылган.

Долбоорго бир нече тараптын катышуусу, ошондой эле техникалык жана уюштуруу маселелерин макулдашуу зарылдыгы долбоорду ишке ашыруу этабына өтүү үчүн кыйла убакытты талап кылган. Биргелешип жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2026-жылдын 28-июлунда Apple Pay сервиси КРнын аймагында расмий түрдө ишке киргизилди.

Эл аралык тажрыйбага токтолсок, кошуна мамлекеттерде да Apple Pay ишке киргенби?

Apple Pay сервиси дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүндө жеткиликтүү. Борбордук Азияда бул сервис буга чейин Казакстан Республикасында ишке киргизилген. Кыргыз Республикасында Apple Pay кызматын ишке киргизүү менен биздин өлкө Борбордук Азияда аталган сервис колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болгон экинчи өлкө болуп калды.

Ошол эле учурда заманбап төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү айрым эл аралык сервистерди ишке киргизүү менен гана чектелбейт. Улуттук банк ачык жана колдонууга ыңгайлуу төлөм экосистемасын түзүүгө багытталган саясатты ырааттуу түрдө ишке ашырууда.

Улуттук банктын негизги максаты – жарандарга заманбап төлөм инструменттерин мүмкүн болушунча кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Ошондуктан, Apple Pay сыяктуу эл аралык сервистерди өнүктүрүү иши улуттук төлөм инфраструктурасын, анын ичинде банктык карталар аркылуу байланышсыз төлөмдөрдү, ELQR аркылуу QR-код менен төлөмдөрдү, банктардын мобилдик тиркемелерин жана башка санарип төлөм сервистерин өнүктүрүү менен катар жүргүзүлүүдө.

Apple Pay сервиси кеңири жайылса, кийин төлөм карталары пайдаланылбай калбайбы?

Жок. Apple Pay - төлөм карталарын алмаштырбайт, тескерисинче, аларды колдонуунун бир жолу болуп саналат. Apple Pay аркылуу төлөм жүргүзүүдө колдонуучу Apple Wallet тиркемесине мурда кошкон ошол эле банктык картасы колдонулат.

Санарип төлөм кызматтарын өнүктүрүү, биринчи кезекте, колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга жана тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Ал эми банктык карталардын актуалдуулугу сакталат жана башка төлөм каражаттары менен катар колдонула берет.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарындагы айланма жолго тосмолор орнотулду

Балыкчы шаарындагы айланма жолго тосмолор орнотулду

Балыкчы шаарындагы негизги айланма жолго заманбап металл барьердик тосмолор орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер шаар мэри Баатырбек Жантаевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн. Белгиленгендей, жаңы тосмолор унаалардын жолдон чыгып кетүүсүнүн жана жол кырсыктарынын алдын алууга, түнкү убакта жана аба ырайынын начар шарттарында кыймылдын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле

Бишкекте дизайн-код ишкерлерге акысыз берилет

Бишкекте дизайн-код ишкерлерге акысыз берилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитет тарабынан бекитилген дизайн-код жарандарга жана ишкерлерге акысыз берилиши керектигин билдирип, бул боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Анын айтымында, дизайн-код борбор калаанын бирдиктүү архитектуралык көрүнүшүн калыптандыруу максатында мэриянын демилгеси менен иштелип чыккан. Бирок учурда аны алуу үчүн жарандардан акча талап кылынганы боюнча кайрылуулар

Өкмөттө күйүүчү майдын кору жана камсыздоо маселеси каралды

Өкмөттө күйүүчү майдын кору жана камсыздоо маселеси каралды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, кампалардагы күйүүчү майдын запастары жана өлкөнү мунай продуктулары менен камсыздоо боюнча

Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Маалыматка ылайык, айып пул мыйзам талаптары менен Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу колдонулган. Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын Улуттук