DemirBank'тан "Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда" Супер Акциясы!

DemirBank'тан "Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда" Супер Акциясы!

Кыргызстанда алгачкы жолу мобилдик тиркемеде онлайн-насыя боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

DemirBank "Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда" аттуу жаңы акциясын тартуулайт. Бул кардарларга онлайн-насыя тариздөөдө каалаган пайыздык ченди өз алдынча аныктоого алгачкы жолу жол ачкан уникалдуу сунуш болуп саналат.

Эми кардар насыяга өтүнмө эле бербестен, DemirBank мобилдик тиркемесинде пайыздык ченди өзү тандайт. Насыянын суммасы, мөөнөтү жана каалаган пайыздык чен тандалгандан кийин, өтүнмө Банк тарабынан күн сайын өтүүчү кароого автоматтык түрдө катышат.

Пайыздык ченди 0%дан 19,99%га чейинки диапазондо 0,5% кадам менен тандоого болот. 

Сиз тандаган пайыздык ченди саат 18:00гө чейин өзгөртө аласыз.

Күн сайын саат 18:00дө Банк акциянын алкагында толтурулган бардык өтүнмөлөрдү карап чыгат. Өтүнмөлөрдү кароо тандалган пайыздык чендин төмөндөө тартибинде жүргүзүлөт. Ал эң жогорку ченден башталып, күнүмдүк насыя берүү лимити — 2 000 000 сомго жеткенге чейин төмөндөө тартибинде уланат.

Кароонун жыйынтыгы тууралуу кардар уюлдук тиркемедеги push-билдирүү аркылуу биле алат. Эгерде тандалган пайыздык чен жактырылса, насыяны 24 сааттын ичинде тариздөө зарыл.

Эгерде кардар тандаган пайыздык чен күнүмдүк лимиттин алкагында жактырылбай калса, Банк насыяны учурдагы стандарттык пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн болгон чен менен тариздөөнү сунуштай алат.

DemirBankта: "Өз пайыздык чениңди танда» акциясы — бул Кыргызстан үчүн онлайн-насыя тариздөөнүн жаңы форматы. Ал тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана Тиркеме менен иштөөнү дагы да ыңгайлуу кылат", — деп белгилешти.

Акция 2026-жылдын 3-августунан тартып 31-октябрына чейин (толук күн) өтөт.

Акциянын толук шарттары менен DemirBank мобилдик тиркемесинен жана Банктын расмий сайтынан таанышууга болот.

КРУБ №035 лицензиясы.

ЖНПЧ 22,3%га чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media