Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.

Маалыматка ылайык, айып пул мыйзам талаптары менен Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга байланыштуу колдонулган. Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын Улуттук банк ачыктаган жок.

Учурда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде өлкөдө 55 төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму иш алып барат. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.


Белгилей кетсек, төлөм уюмдары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүү кызматтарын көрсөтсө, төлөм системасынын операторлору төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана катышуучуларга жеткирүү функцияларын аткарат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров геологиялык парктар тууралуу мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров геологиялык парктар тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мыйзам өлкөдө геопарктардын улуттук тармагын түзүүгө, уникалдуу геологиялык объекттерди сактоого жана туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Документ геопарктарды түзүүнүн, алардын иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун укуктук негиздерин аныктайт.  Ошондой эле мындай аймактарды пайдалануу жана коргоо

Бишкек – Балыкчы поезд каттамынын убактысы кыскарат

Бишкек – Балыкчы поезд каттамынын убактысы кыскарат

“Кыргыз темир жолу” Бишкек – Балыкчы багытындагы поезд каттамын мындан ары өнүктүрүп, жол жүрүү убактысын 3 саат 40 мүнөткө чейин кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ишкананын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, инфраструктура жана кыймылдуу курам жаңылангандан кийин каттамдагы жол жүрүү убактысы беш сааттан төрт саатка

Балыкчы шаарындагы айланма жолго тосмолор орнотулду

Балыкчы шаарындагы айланма жолго тосмолор орнотулду

Балыкчы шаарындагы негизги айланма жолго заманбап металл барьердик тосмолор орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштер шаар мэри Баатырбек Жантаевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн. Белгиленгендей, жаңы тосмолор унаалардын жолдон чыгып кетүүсүнүн жана жол кырсыктарынын алдын алууга, түнкү убакта жана аба ырайынын начар шарттарында кыймылдын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле

Бишкекте дизайн-код ишкерлерге акысыз берилет

Бишкекте дизайн-код ишкерлерге акысыз берилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитет тарабынан бекитилген дизайн-код жарандарга жана ишкерлерге акысыз берилиши керектигин билдирип, бул боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Анын айтымында, дизайн-код борбор калаанын бирдиктүү архитектуралык көрүнүшүн калыптандыруу максатында мэриянын демилгеси менен иштелип чыккан. Бирок учурда аны алуу үчүн жарандардан акча талап кылынганы боюнча кайрылуулар