Улуттук банк жыл башынан бери 13-валюталык интервенция өткөрдү
КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын башынан берки 13-валюталык интервенциясын өткөрдү. Анын алкагында ички валюта рыногунда 214,5 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, сатылган валютанын 16,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү шарты менен, ал эми 198 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнү эсептешүү шарты менен сатылган.
Интервенция учурунда доллардын курсу 87,44 сомду түздү.
Быйылкы эң ири валюталык интервенция 29-июнда өткөрүлүп, анда Улуттук банк 222,55 млн доллар саткан.
2026-жылдын башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда долларды сатып алуу операцияларын жүргүзгөн жок.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу