Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат

Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Түштүк Кореяда айыл чарбасын санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча эки жумалык окуудан өтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуу 2026-жылдын 18-31-октябрында Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) чакыруусу менен уюштурулган.

Анын алкагында кыргызстандык адистер заманбап күнөсканалардын иши, климатты автоматтык башкаруу, продукцияны сорттоо жана кайра иштетүү технологиялары менен таанышышты.

Окуунун жыйынтыгында катышуучулар алган тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу боюнча иш-пландарды даярдашты.

Мындан тышкары, кыргызстандык делегация "2026 MY Jeonbuk One World Festival" эл аралык фестивалына катышып, Кыргызстандын улуттук маданиятын тааныштырды.

Программанын соңунда катышуучуларга KOICA агенттигинин жана CIAT институтунун сертификаттары тапшырылды.

Аталган кызматташтык Кыргызстанда айыл чарбасын санариптештирүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт

Грузияга барууда визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү