Экс-министр Динара Кутманованын уулу кармалып Кыргызстанга жеткирилди

Экс-министр Динара Кутманованын уулу кармалып Кыргызстанга жеткирилди

Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов кармалып Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, тергөөнүн жүрүшүндө Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган.

Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле, ал «Жашыл Мурас» КФ долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон.

“Анын үстүнө, К.Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө Фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турган”, - деп белгиледи мекеме.

2021-жылдан азыркы мезгилге чейинки мезгилде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынан КРнын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат, (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн. сом) бөлүнгөн. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын. Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” (ИӨФ) 720 миллион сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 миллион сом кайтарды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып кеткенди, андан кийин 2023-жылдын 13-июнунда Москва шаарына учуп кетип, андан кийин 2023-жылдын 19-июнунан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жүргөндүгү аныкталды.

К.Кутмановго «ИНТЕРПОЛ» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана УКМК менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө К.Кутманов анын катышуусу менен тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КРнын аймагына алынып келинип, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

“Арашан” койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль болду

“Арашан” койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль болду

19-сентябрда эт-май багытындагы “Арашан” асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль болуп өттү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин маалыматына ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты. Билдирүүгө караганда, фестивалда Суу

Ишкер Media
Микрофинансылык уюмдардын активдери 81,4 млрд сомго жетти

Микрофинансылык уюмдардын активдери 81,4 млрд сомго жетти

Микрофинансылык уюмдардын активдери 81,4 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 2026-жылдын 30-июнуна карата, 2025-жылдын акырындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу: • МФУнун жалпы активдери 8,5 млрд сомго көбөйүп, 81,4 млрд сомду түздү; • кредит портфели 7,0 млрд сомго өсүп, 68,7 млрд сомго жетти; • ислам принциптери

Ишкер Media
Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды

Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунун Кожо-Ата айылындагы "Бакча" айыл чарба кооперативине караштуу соода-логистикалык борбордун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Аталган борбор айыл чарба продукцияларын,

Ишкер Media
Азия оюндары-2026: Биринчи медалдык күндүн жыйынтыгы

Азия оюндары-2026: Биринчи медалдык күндүн жыйынтыгы

Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча алгачкы жыйынтыктар чыгып Кыргызстандык балбандар 2 коло медалды утуп алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Дастан Каныбек уулу 60кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште Жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек

Ишкер Media