Кыргызстан менен Катар аскер жаатында кызматташууга даяр

Кыргызстан менен Катар аскер жаатында кызматташууга даяр

Депутаттар министрлер кабинети менен Катар өкмөтүнүн ортосундагы аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун карашты.

Такталгандай, коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев макулдашууга ылайык аскердик тармакта бир нече багыттар боюнча кызматташуу сунушталып жатканын билдирди.

“Эл аралык келишимдин алкагында аскердик билим берүү, аскердик техникалык коргоо жана өнөр жай тармагында кызматташтык, биргелешкен машыгууларды өткөрүү.

Макулдашуу алкагында КРнын аскер кызматчыларына билим берүү курстарына, машыгууларга жана мелдешүүгө  катышууга ж.б.  маанилүү багыттар боюнча кызматташууга жол ачат. Ошондой эле КР куралдуу күчтөрүнүн аскердик обьектилерин курууга жана жаңылоого,  Катар тараптан аскерий техникалык жардам көрсөтүү  боюнча долбоорлорду аткарууга мүмкүнчүлүк берет”,- деди Коргоо министринин биринчи орун басары. 

Депутат Ырысбек Атажанов бул аскерий кызматташуу жөнүндө макулдашуу Кыргызстан  үчүн абдан керек экендигин белгилеп, айрым суроолоруна жооп алды.

Депутат Нуржигит Кадырбеков Катардын аскери өтө тажрыйбалуу жана күчтүү экендигин белгилеп, алардан бул багытта тажрыйбасын алуу маанилүү экендигин белгиледи.

“Кичинекей өлкө болгонуна карабастан Катардын геосаясатта орду бар.  Армияны күчтөндүрүүгө багытталган тажрыйбасынан пайдаланышыбыз кажет”, - деп мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди депутат.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.