Кыргызстандагы айылдардын аттары кыргызчаланат жана адам ысымдары ыйгарылбайт – Садыр Жапаров

Кыргызстандагы айылдардын аттары кыргызчаланат жана адам ысымдары ыйгарылбайт – Садыр Жапаров

Кыргызстанда орусча аталыштагы айылдардын аталышы толугу менен кыргызчаланарын президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Орусча коюлуп калган айылдардын аттарын алмаштыралы деп атабыз. Муну келерки жылы жалпы республика боюнча бүтүрөбүз. Бирок ошол жерде айылдарга, айыл өкмөттөргө адамдардын аттарын коюну токтотолу деп чечим кабыл алганбыз. "Эмнеге мунун атын коёбуз? Менин деле атам кыйын болгон” деп эки жаат болуп бөлүнүп чабыша берет экенсиңер. Мындайды миңдеген жолу көрдүк”, - деди президент.

2025-жылдын башында Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Аксыдагы Таштак – Малкалды, Ноокендеги Параканда – Баракелде, Кочкордогу Большевик айылы - Баялы Исакеев, Бакай-Атадагы Ынтымак – Шадыкан, Манастагы Новодонецк – Айтматов, Таластагы Козучак – Жанкороз Олуя, Балбал – Жаныбек Баатыр, Москва районундагы Чоң-Арык – Сыйдалы, Ак-Суудагы Теплоключенка – Ак-Суу айылы болуп өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media