Марлен Маматалиев Улуттук хирургия борборундагы көйгөйлөр менен таанышты

Марлен Маматалиев Улуттук хирургия борборундагы көйгөйлөр менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, төрага алгач Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасаган дарыгерлер менен жолугуп, операция болгон бейтаптардан кабар алды.

Ошондой эле Марлен Маматалиев медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги адам өмүрүн сактоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары, төрага борбордогу медициналык жабдуулардын абалы менен таанышып чыкты. Дарыгерлер транспортология бөлмөсү тар экенин айтып, аны кеңейтүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле оорукананын айрым бөлүктөрү эскирип калганы айтылып, имаратты жаңылоо маселеси көтөрүлдү.

Марлен Маматалиев айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирип, оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын