Шайлоо эрежесин өзгөртүү демилгеленди

Шайлоо эрежесин өзгөртүү демилгеленди

Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Анда талапкерлерге коюлган талаптарды күчөтүү жана шайлоо процессин санариптештирүү каралган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Жаңы сунуштарга ылайык, талапкерлер шайлоого катышуу ниетин билдирүүдөн мурда шайлоо фондун түзүп, күрөө төлөшү керек болот. Документтер толук болбосо, арыз кабыл алынбайт.
Ошондой эле талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо электрондук форматка өтүп, санарип кол тамга аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, үгүтчүлөрдүн саны кыскартылып, ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашпаган адамга гана уруксат берилет.

Демилгечилер бул өзгөрүүлөр шайлоо процессин тартипке салып, ачык-айкындуулукту жогорулатат деп эсептешет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды