Кыргызстан менен Кытай маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулуп, бул багыттагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун мааниси белгиленди.

Кыргыз тарап гуманитардык долбоорлорду жана маданий алакаларды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытай делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун кубаттап, бул иш-чара эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого жана кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин ырасташты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү